Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада кармалган Кыргызстандын 42 жаранынын ичинен 30 үйлөрүнө коё беришти

Орусия полициясы футбол боюнча дүйнө Чемпионатынын тынч өтүшү үчүн чет элдик жарандардын документтерине текшерүү жүргүзүштү

Москвада кармалган кыргызстандыктарды үйлөрүнө коё беришти. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КР ички иштер Министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

ТИМ маалыматы боюнча, Орусиянын борбор шаарында футбол боюнча дүйнө Чемпионатынын коопсуздугу үчүн иш чара көрүлдү.

- Москванын Таганск районунун полиция бөлүмүнө чет элдик жарандар жеткирилген, алардын 42 кыргызстандыктар, - деп билдиришти мекемедегилер. - Биздин жарандарыбыздын укугун коргоо максаты менен ал жакка Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери жөнөп кетишти. Азыркы учурда 30 кишинин документтери текшерилип бүтүп, үйлөрүнө коё берилди.

Ал ортодо дагы калган он жараныбыздын документтери текшерилип жатат.

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары 70 жакын кыргызстандыктардын кармалгандыгын билдиришкендигин эске сала кетели. Мигранттарды кармоонун себебин айтышкан эмес.

Зулайка Эркимбаева
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх