Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаман үлгү эмес . Мамэкотехинспекция - азырынча ДКО акча бөлгөн жападан жалгыз мамлекеттик орган

Башка мекемелердин өкүлдөрү көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн бир күндүк маяналарын берүүгө даяр

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө каржы жагынан жардам кылалы деп өз эрки менен Мамэкотехинспекциядан башка эч ким сунуш кыла элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ДКО өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча Катчылыктын башчысынын орун басары Айжан Абдесова билдирди.

- Бүгүнкү күндө мекемеге эч ким каражат которолу деп билдирише элек, -дейт ал. - Бирок бул акча жыйноо өз каалоосу менен гана экендигин эскерте кетким келет. Анткени менен Катчылыкка көптөгөн компаниялар демөөрчү болуу сунушу менен кайрылып жатышат. Биз варианттарын караштырып жатабыз.

Мындан мурда Vesti.kg сайты Мамэкотехинспекция кызматкерлери бир күндүк айлык акыларын «Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын» эсебине которгондугун жазган эле. Демилге чиновниктердин өздөрү тарабынан болгон.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх