Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең сот Шабдан баатыр көчөсүнүн 7-апрель болуп өзгөртүлүшү тууралуу доо арызды карайт

Укук коргочулар жаңы аталышты жокко чыгарууну талап кылышат жана Бишкек шаардык кеңешинин чечими мыйзамсыз болгондугун түшүндүрүштү

Эртең Бишкектин райондук соту Шабдан баатыр көчөсүнүн 7-апрель болуп өзгөртүлүшү тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин чечимин жокко чыгаруу тууралуу доо арызды карайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоочу Калича Умуралиева билдирди.

- Көчөнү өзгөрткөндөрүн уккандан кийин биз анын мыйзамга канчалык дал келээрин изилдеп чыктык, азыркы учурда көчө аттарын өзгөртүүгө мораторий коюлуптур, - деп белгиледи ал. - Жыйынтыгында шаардык кеңештин мыйзамдын бир катар нормаларын бузгандыгы белгилүү болду.

Мисалы, мораторий тууралуу өкмөттүн токтому бар. Ал тепкич боюнча шаардык кеңештин чечиминен жогору турат. Калктуу пункттар жана көчөлөр 2020-жылга чейин аттары өзгөртүлбөйт, анткени калкты жана турак жай фондун катттоо болот. Өкмөттүн нормативдик актылары бардык муниципалдык органдар тарабынан аткарылышы керек.

Калича Кусейиновна мурда ал мүчө болгон коомдук фонд Бишкек шаардык кеңешине кайрылышкандыгын жана токтомду сотко чейинки эреже менен жокко чыгарууну сунуштаган. Ошондой эле кандай негизде аны кабыл алышкандыктарын көрсөтүүнү талап кылган.

- Бизге көчөнү саясий жана идеологиялык көз караш менен өзгөрттүк деп жооп беришти, бирок мыйзамда мындай норма жок, - деп белгиледи ал.  - Андан сырткары, шаар кеңеши «Бизге өкмөт уруксат берди» - деп айтышты. Уруксат берди дегени эмнеси? Министрлер кабинети өзүнүн токтомун жокко чыгардыбы? Эч ким шаардыктар үчүн ыңгайлуулукту ойлобойт. Эгерде сот мыйзамды бузса боло берет десе жана Бишкек шаардык кеңешинин чечимин туура десе, анда биз бул сотторду жазалоону талап кылабыз, ал эми соттун чечимине болсо арызданабыз.
Шабдан баатыр көчөсүн өзгөртүү тууралуу арыз былтыр «Айкөл Ала-Тоо» жана «Мекен шейиттери» коомдук бирикмелери тарабынан Алмазбек Атамбаевге сунуш түшкөндүгүн эсиңиздерге салабыз.

Атты өзгөртүү тууралуу чечим Бишкек шаардык кеңеши тарабынан быйыл 5-апрелде чечим чыккан.

Вероника Малышева
Сүрөт Sputnik Кыргызстан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх