Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда тышкы миграция өсүүдө. Талдоочулар мындан башканы күткөн эмес

«Чүй областында жерди ижарага алуу кымбат, актабайт. Ал эми Бишкекте батирге акча төлөө керек, айлыкты болсо кечиктиришет»

Кыргызстан- Евразия экономикалык уюмундагы тышкы миграциясы токтобой жаткан жападан жалгыз мамлекет. Бул тууралуу «Орусиядагы экономикалык кырдаалга мониторинг» докладында экономикалык саясат Институнун адистери айтышты.  

«ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү миграциянын убактылуу өсүшү токтоду, - дейт билдирүүдө. - Бир гана Кыргызстанда тышкы миграция токтобой жатат».

Кыргызстандын талдоочулары Vesti.kg сайтына чындап эле кырдаал ушундай экендигин жана жакынкы убакта токтобошун түшүндүрүп беришти.

Талдоочулардын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча боюнча 4-орунду ээлейт.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстан, Өзбекстан жана Белоруссиядан келген мигранттардын саны  бир канчага көбөйдү, - деп айтылат докладда. - Бирок Украина менен Молдавиядан келгендер байкалаарлык азайды».

Саясат таануучу жана коомдук ишмер Станислав Епифанцев бул экономикалык саясат Институтунун талдоочулары менен макул эмес. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Кыргызстан жалгыз эле миграциясы токтобогон мамлекет дегенге каршы экендигин билдирди.

 - Мисалы, Казакстанда талдоочулар акыркы 1,5 жылда Орусияга иштегени кеткендердин саны кескин көбөйгөндүгүн жазышат, - деп көрсөттү саясат таануучу. - Ал эми сан жагынан алып караганда, мигранттарды жиберүүнүн лидерлери Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан болот.

Епифанцев эмгек миграциясынын себептерин кол менен эсептегенге болбойт, бул бүтүндөй экономикалык-социалдык көйгөйлөрдүн комплекси деп эсептейт.
- Андан сырткары да бир себеп бар: бул процесс капкачан эле күүлөнүп алган, жана инерция менен кетип жатат, - деп түшүндүрдү талдоочу. - Эгерде эртен кандайдыр бир жолдор менен жумушчу орундарды түзүшсо деле миграция дароо токтоп калбайт.

Экинимикалык маселелер боюнча талдоочу Асылбек Аюпов кыргызстандыктар үчүн эмгек миграциясы үрөнүп калган жол дегенге кошулат.

- Көзгө көрүнгөн себептер - жумуш жок, ишканалар жок, курулуш жок, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Ал эми субьективдүү себептери - аз айлык акы жана турмуш шартынын начардыгы.
Көбүрөөктү каалагандары кетип калаары шексиз да.

Экономистти миграциянын өсүшү таң калтырбайт. Анын оюнча, экономика документ боюнча өсүштөн элдердин чыныгы жашоосуна которулмайынча бул акыбал улана берет. Ал мигранттардын саны менен мактанууга болбойт дейт.

- Орусияга негизинен түштүктүктөр кетет, дейт Vesti.kg сайтына Казакстан жана ОЛрсусиядагы кыргыз диаспорасынын тажрыйбалуу координатору Азамат Рахманов.
- Мектепти бүткөн соң окууга өтпөсө кайда барат? Малчы болобу? Анчасына жайлоо жетишпейт. Дыйкан болобу? Жер жетишпейт. Чуй областында жерди ижарага алуу кымбатка турат, актабайт. Орусияда болсо ар кандай тармактарда жумуш көп. Кетет да анан.

Анын айтымында кыргызстандыктар Бишкеккке келип иштегенди уккусу да келбейт. Батир жалдап алуусу керек, ал эми курулуш компаниялары болсо айлыкты 3-4 ай кечиктиргенди адатка айландырып алышкан.

- Орусияга мурда кетип орун-чок алып алгандар туугандарын да алып кетишет, - деп улайт ал. - Ооба, азырынча миграция маселесин чечүүгө такыр мүмкүн эмес тилекке каршы.

Экономикалык саясат Институтунун билдирүүсүнө таянсак, 2018-жылдын 1-июнуна карата Орусияда 4,2 миллион эмгек мигранттары бар. Алардын ичинен 69% гана расмий түрдө жумушка орношушкан. Башкача айтканда былтыркыдан 5% көп.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх