Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаттл-бастар менен тарнспорт Министрлиги. «Манас» аэропортунда жүргүнчүлөр үчүн күрөшүүнүн кызуу учуру

Жеке компаниянын башчысынын сөзу боюнча, транспорт Министрлигинде туристтик транспорттордун ишине жолто болучу топ бар

Жол жана трансполрт Минситрлигинде Бишкектен «Манас» аэропортуна чейин жүрүүчү«Дас-Транс» компаниясына караштуу «Аэроэкспресс»   шаттлбастарынын ишине жолто болчу кишилер бар. Мындай билдирүү менен Vesti.kg сайтына аталган компаниянын жетекчиси Нурбек Турсунбаев өзү кайрылды.

Анын айтымында, Транспорт Министрлигиндеги бул топ анын конкуренттеринин кызыкчылыгын коргойт.

- Анткени №380 маршруттун ээлери мени мыйзамсыз иштеп жатат деп кайрылышкан, - дейт Турсунбаев. № 380 маршрут «ТрансСоюзАзия» караштуу, азыркы учурда ал мен тууралуу жалган маалымат берип жатат.  Ушул себептен статс-катчы өкөн жумада арызчыларды, бизди жана тийешелүү кызматты чакырышкан. Бул жоолугушууда автомобиль, суу транспортун көзөмөлдөө Агентствосунун директору Анарбек Бекмуратов бизди ар нерсеге шылтап күнөөлүү кылып жатты. Аэропорттон чыкканда биздин жеткирүүчүлөр аны күч менен шаттл-баска отургузуп коё жаздашкан имиш.  Ошондой эле биздин айдоочуларда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жана уруксат кагаздары жок деп күнөөлөдү. Бул бардык айыптоолорго мен жокко чыгарчу жооп бердим.
 
Биринчиден аэропорттун бардык аймагында видеобайкоо турат, бул фактыны биз текшерип көрүүгө болот. Экинчиден биздин формачан кыздарыбыз антиши мүмкүн эмес. Кандайча алар жеткирүүчүлөр болот ?  Ал эми уруксат кагазы тууралуу болсо, комиссия түзүүнү сунуштадым. Эгерде бир эле айдоочунун уруксат кагазы болбосо мен бул долбоорду ага белекке берейин дедим.  Эгерде таба албаса, анда №380 маршрутту таптакыр алып салууну сунуштадым.  Мен ошондой эле УКМК ККК, транспорт прокуратурасына жана президент Сооронбай Жээнбековго кайрылам дедим. Анткени бул жерде кызыкдар тарап пайда болуп калган экен.

Ошону менен бирге транспорттук компаниянын башчысы №380 маршрут жүргүнчүлөрдү ташуу мыйзамын бузуп жаткандыгын белгилеп кетти.

- №380 маршрут өзү жргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежесин бузуп жатат, - деп улантат ал.  - Мисалы, Чүй жана шаардык ташуучулар бар, алар өздөрүнүн региондоруна баш ийет. Бишкек шаардык кеңешинин токтому боюнча жүргүнчү транспорту автобекетке чейин гана барыш керек эле. бирок №380 маршрут Чүй ташуучуларына караганына карабастан бул талапты аткарбай жатат. Өзүңүздөр билгендей алар Жаш гвардия бульварынын аймагынан элдерди топтоп алышат. Кыскасы алардын 3 одоно катачылыктары бар: алар бекетке чейин барышпайт, башка жерден жүктөп алышат жана эл аралык аэропорттун аймагына кирип барышат.

Жыйынтыгында Нурбек Турсунбаев туристтик транспортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтты.

- Дүйнөнүн бардык шаарларында экспресс шаттлдар бар, ал эми Кыргызстанда туризм орчундуу тармакты ээлерин билебиз, - деп эскертет ал. - Мамлекеттин жетекчилиги бардык мекемелердин алдына туризмди өнүктүрүү тапшырмасын койду. Ушул багыттын алкагында «Аэроэкспресс» шаттл-бас уюштурулган. Бизди өкмөттүн бир катар мүчөлөрү колдоого алышкан: Алтынай Өмүрбекова, Жеңиш Разаков жана башкалар. Алар аэропортко келишкенде, биздин шаттл-бастарыбыздан максималдуу ыңгайлуулуктарды көрүштү. Биздин дагы бир белгилеп кетүүчү нерсебиз , биз чыгымга иштеп жатабыз. Мисалга, бир жүргунчүнүн жол киреси 120 сом, бирок биз бир жүргүнчүнү да алып кете беребиз. Мисалга, транспорт Министрлиги менен болгон жолугушууда биз бардык жүргүнчү агымынын 0,5 % алаарыбызды билип таң калды.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх