Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айылдыктарга жол ачык! КУАУ «бюджетине» кабыл алуу эрежесине нааразы болгон абитуриент

Билим берүү Министрлигиндегилер кандай абалдагы адамдар акысыз окууга укугу бар экендигин айтышты

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Нурзада Амантур кызы Кыргыз улуттук агрардык университетинин абитуриенттерди кабыл алуу эрежесине нааразы болот.

«Эки абитуриенттин 158 жана 150 баллы бар, окуунун бюджеттик фомасына өтпөйт экен. Ал эми 141 жана 138 баллы барлар өтөт экен, - деп жазат посттун автору.
- Мен буга түшүнө бербей кабыл алуу комиссиясына барсам, айылдыктар га жеңилдик болот дешти. Анысы го мейли, кабыл алуу комиссиясындагы бир «агай сөрөй» "Озунор эле отуп кетчудой болуп талон таштай бересинерби, кичине сураш керек да "агай, өтө алабы бюджетке,өтө албайбы" анан мен айтмакмын да кандай болот...". Мен көңүл калуу менен ордумдан туруп кете баштаганымда, артымдан "контрактка каалабайсыңбы? деп үмүт кыла кыйкырды».

нурзада Амантур кызы тестирлөө борборуна чалып жашаган жерине жараша жеңилдиктер жок экендигин билди. Ага билим берүү Министрлигине кайрылууга кеңеш беришти.

«Мен сиңдимдин бул кырдаал түзүлбөсө өтүп кетээрине ишенбейм, анткени менен бийик тоолу аймакка аз баллы болсо да жеңилдик деген факт да.

Менин сиңдим болсо технолог болгусу келет жана эң негизгиси буга окшогондор менимче миллиондоп саналат. Анткени ар бир окуу жайда эле бюджетке өткөрүү боюнча келишебиз деп сунуш кылышат экен» - деп аяктайт автор.

Билим берүү Министрлиги болсо  Vesti.kg сайтына ар бир окуу жайында ОРТ упайлары боюнча аймактарда ар кандай бааланат дешти.

- КУАУ бюджет бөлүмүнө айылдын жаштары азыраак упай менен өтүшөт, - деп айтышты мекемедегилер.  
- бул кырдаалды аныктоо үчүн ал кыз ректоратка кайрылышы керек. Чамасы ал ОРТ Бишкекте тапшырган окшойт. Анда анын сертификаты шаардык болуп эсептелет.  

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх