Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мен жети карышкырды өлтүрдүм, бирок бугу менен илбирсти өлтүргөнүм жок» (видео)

Жакында эле 9 Нарын маралын  Жалалабат тоолорундагы жаңы үйлөргө киргизишти. Аларды көчүрүү боюнча бул долбоордун жетекчиси канчалык кыйындыкка тургандыгын айтты  

Жакында ММКлар жапайы маралдарды Нарын областынан Жалалабат областына көчүрүү компаниясы тууралуу жазып чыгышты. «Маралдарды Кыргызстандын аймактарына таркатуу» долбоорун Леонардо Ди Каприо фонду жана Кристенсен фонду каржылады.  

Муну аткаруу кандай кыйын болгондугун Vesti.kg сайтына бул идеянын автору Гамал Сооронкулов айтып берди.

Өмүр иши

- Мен өмүрүмдө бир да жолу тоо текени атканым жок, - деп баштады ал. - Бул биздин жаңжалыбыздын эү башкы себеби болду. Ал учур 2005-жылдарга туура келди.

Таластын тургуну болуп туруп, Гамал Сооронкулов тагдырдын тамашасы менен төңкөрүш учурунда Жалалабат облусунда эле. Ал Жусуп Бакиевдин штабын башкарып, элдик кошуундун командири болуп калды.



Төңкөрүштөн соң өзүнө тынч жумуш издей турган убакыт келди. Таластын тургуну өзүнүн достору менен биргеликте координациялык кеңеш түздү. Алардын максаты  жаңак кабын казгандарды кармоо болчу. Ал убакта Арстанбапта миңдеген браконьерлер болчу.

- Бир жылдан кийин мен жардамчыларым менен келип, айлана чөрөнү коргоо Мамлекеттик агентствосунун башкармалыгынын начальнигин кармадым. 3 күндө кийин Бакиевдер бүтүндөк мекемени жаап мени башкарасың дешти. Чаткалдагы алтын жана кап казгандар менен күрөшүүгө туура келди.



Санкт-Петербург ЖОЖ астанитти иштеп чыгаруу боюнча келишим түздүк. Бирок 2010-жылкы революция бардык пландарды жок кылды.

- Мен бир жолу экологдор менен бирге аюуну аткан браконьерди кармап алдым, - дейт ал. Кийинки күнү болсо жергиликтүү бандиттер келиптир маселени чечкени. Мен провакация болушун билип жалгыз бардым. Алардын арасында райондун акими жүрөт, кыскасы мени урушту. Мен бул тууралуу прокуорого билдирдим, Аким болсо мага атылган аюуну, мынтыктыжана дагы бир кой берди. Иш ушуну менен жабылды. Бул мамлекеттин бандиттердин алдындагы жеңилүүсү болчу.

Жамааттын жаралышы

Сооронкулов табиятты коргоо үчүн өзү бир нерсенин алдын албаса болбой тургандыгын түшүндү. Таласта «Жамаат» коомдук уюму пайда болгон, кийинчерээк Аксыда, Чаткалда жана Кара-Кулжада пайда болду.
Ага мурунку браконьерлер киришкен.

- Антпесе болбойт эле, - дейт ал. - Бул менин оюмду спортчу айылдык балджардын гана түшүнгөндүгүнөн болду. 1,5 жыл биз алар менен мамилени теңдедик.

«Мен анан «Кожожаш» акциясын уюштурдум. Батыш Теңир-Тоонун «Жамаат» өкүлдөрү, департаменттин кызматкерлери, биз Кожожаш аскасына көтөрүлдүк. Кой союп, бата кылдык. Бири бирибизге ант бердик. Мен муну «ак илбирстин тукумунун өкүнүүсү» деп атадым».

Гамал Сооронкулов Жалалабат облусуна маралдарды көчүрүү тууралуу оюн ОБСЕ 2015-жылы өткөргөн тренингде айтты. Аны колдошту. Ошентип «Жамаат» жашай баштады.

«Мен илбирс менен бугуну өлтүргөнүм жок»

Кыргызстандын аймактарына маралдарды таркатууга Леонардо Ди Каприо Фонду 30 миң доллар бөлдү.  

- Эмне үчүн мен маралдарды тандап алдым? - дейт ал. - Анткени биздин ата-бабалардын күмбөздөрүндө мындай деген жазуулар бар экен: «Мен 7 карышкырды өлтүрдүм, бирок бугу менен илбирсти өлтүргөнүм жок».  Алар ошол маалда эле билишчү экен бул жаман иш экендигин.

Бул долбоорду ишке ашырууга 2,5 жыл керектелди. Токой чарбасындагы жана Мамагентстводогу бюрократтар бут тосуп жатышты. Ал көп жолу баштаган ишинен айныды, бирок ар бир жолу агентствонун жетекчилери мындан ары көйгөй болбойт деп ишендирип турушту. Ал анын браконьер достору болбогондо бул иш аягына чыкпай калмак дейт.

Акырында 9 маралды Жалалабат облусунун Аксы районундагы Авлетим токоюна алып келүүгө көчүрүп келүүгө мүмкүнчүлүк болду. 5 эркек жана 4 ургаачы. Негизи 14 алып келели дедик эле болбой калды.

- Ал жерде аларга сонун шарттар бар деп, кубанат Сооронкулов. - Чөп көп, кыш жылуу. Мага булардын жарымы өлүп калат дешкен болчу. Мынакей баары тирүү. Кийинки жылы буйруса бир торпогу туулат. Жайында буларгша коркунуч жок, кышында карышкыр менен сүлөөсүндөн балдарын сакташ керек.     

Ким бул жерде айбан?

Баары бир көчкөндө бир окуя болбой койгон жок. Акыркы түнү жүк ташуучу машина токтоосуз жүрдү, маралдар тумчугуп калбасын деп. Эми жетейин деп калганда, ысыкта Таш-Көмүрдө аңтарылып жаткан газовоз жолду бууп салыптыр.

- Бир аз жол ачылып жеңил унаалар өт- башташты, мен бизде маралдар бар, өткөрүп жибергиле деп кыйкырдым. - Бир бала аралаша калып, эмне болуптур аның бир мал да деди. Ага баары асылып кетишти, сен өзүң малсың. Бизди өткөрүп жиберишти. 6 саат ысыкта жүргөнбүз, ишенесиңерби ? Кудайдын кудурети менен жаан жаап жиберди. Жараткандын белгиси да.
 
Маралдарды аймактарга таркатуу долбоору менимче Кыргызстандын тарыхындагы грант толук жумшалбаган жалгыз гана долбоор болсо керек.

- Мага 30 миң доллар беришти эле, мен 17 миңин гана иштеттим, - дейт Сооронкулов. Бул тууралуу биздин инвесторлоргно расмий кат жолдоюн деп жатам. Балким аны бизге башка долбоор үчүн калтырышаар, акча банкта турат.

Андан ары жашоо уланат

«Жамаат» коомунун башчысынын мындан аркы пландары маралдарды дагы  Кыргызстандын башка аймактарына көчүрүп таркатуу.

Алдын ала түзүлгөн тизмеде Кара-Кулжа, Чаткал, Кетмен-Төбө, Ош жана Баткен облустары бар.

- Жырткычтардан, браконьерлерден, көчкүдөн жана оор кыштан кудай сактасын, антсе биз популяцияны жоготуп алабыз! - дейт ал. - 1988-жылы түзүлгөн Нарын коругунда 300 баш, Ысык-Көлдө 20, ал эми Кеминде 37 баш марал бар. Бирок бул биздин Кыргызстандын аймагы үчүн катастрофалык аз сан.

«Жамаатта» иштегиси келгендердин саны көбөйүүдө. Ар бир бөлхмдх 20-21 киши бар. Бирок алардын 5-6 гана дайыма активдүү.

Азыр эми Сооронкулов ГАООСИЛХ менен келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Анткени ар бир корукчуга 70 миң гектардан аянт туура келет экен, мындай чоң аймакты кароо мүмкүн болбой калат бир кишиге.
    
2016-жылы «Жамааттын» кызматкерлери өздөрүнүн кесиптештери «Чегетей тоо»  кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунда фотокапкан кылышты.
Карышкыр, улар, тоо текелерди тартууга мүмкүн болду. 2018-жылы биринчи жолу илбирсти тартып алышты.

- Фотокапканды алмаштырганы баратканда илбирстин тоо текени жеп жатканын көрүшкөн, - деди Сооронкулов.

Ал тоо кен иштетүүчүлөрдөн кызыл китептеги жаныбарлар үчүн «Жамааттын» фондуна 120 миң сом которткон.

- Бензинге акчаң болсо, атчандарга тамак аш дайындап берип турсаң иш жүрүшөт. Ал эми качан акчаң жок болуп калганда баары колдон түшөт, - дейт Соорнкулов.

Эске салсак, 2018-жылы 24-июнда  9 маралды Нарын облусунан Жалалабат облусунун Аксы районуна алып келишкен.

 

Ольга Федорчук
Сүрөт www
Видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх