Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соттук доолорго мамлекеттик пошлинаны азайтууга болобу?

Парламент депутаттарынын сунушу боюнча юристтердин ойлору эки ача

Депутаттар соттук доо иштерге мамлекеттик пошлинаны азайтууну сунуш кылышты. Мындай пикир менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылышты деп билдирет ММКлар.

Эл өкүлдөрү  доого ставканы 3% чейин азайтса болот деп эсептешет. Азыр жарандар доо иши 10 миң сомдон ашык иш болсо, 10% төлөп жатышат.

Жактоочу Канат Хасанов сотко кайрылуудагы доого болгон мамлекеттик пошлинаны азайтуу сунушу жакшы сунуш деп эсептейт.

- Жарандар мүлккө болгон укугун же акчасын калыбына келтирүүдө мамлекеттик пошлина төлөшөт, ал эми көптөрүнүн буга дарамети жетпейт, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Ушунун айынан көп иштер соттук териштирүүгө жетпей калат. Меин өз тажрыйбамда мындай иштер болгон, адамдар карызга акча берип алышып, анан аянычтуу акыбалга дуушар болушат. Алар колундагы түшүнүк каты менен калып калышат, анткени пошлина төлөгөнгө акчалары жок. Бир убактарда жакшы болчу, анда пошлинаны экинчи инстанциянын сотунда гана төгүшчү. Эгерде депутаттардын сунушу өтүп калса, анда көптөгөн жарандарыбызга жакшы болмок.

Ал эми дагы бир жактоочу, Нурбек Токтакунов болсо өз кезегинде депутаттардын мамлекеттик пошлинаны соттук териштирүү үчүн азайтуу сунушун популизм деп эсептейт.

- Бул демилге жарандардын нааразычылыгы менен гана аяктайт, анткени акчаны аз төлөп жатышкандыгына байланыштуу соттор адилетсиз чечим чыгарып салышат, - деп белгиледи юрист. - Элдер азыркы соттук системанын абалын чөнтөктөрү менен сезишсин. Депутаттар болсо элдер сотторго жиндери келбесин деп эле пошлинаны азайтабыз деп жатышат. бирок элдер акчасын төлөгөн соң талап кылганды да үйрөнүшсүн.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх