Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көчмөндөр оюнуна белек. Ысык-Көлдө байыркы жоокердин күмбөзүн табышты (сүрөт)

Бирок Кыргызстандын илими үчүн бул ачылыш жоголуп кетиши мүмкүн

Байыркы жоокердин көрүстөнү Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунан табышты. Бул тууралуу  Vesti.kg  сайтына Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

- Көрүстөн этношаарчаны оңдоп жатканда табылды, - дешет андагылар. - Адегенде үзөңгү жана жүгөн табылды, алар биздин эрага чейинки  IV-V кылымдарга таандык. Анан адамдын сөөгү менен жебелер чыкты. Табылгаларга караганда, бул жоокердин көрүстөнү окшойт. Ал жерге Бишкектен окумуштуулар жана эксперттер келишти.

 

Бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү табылга экендигин  Vesti.kg сайты менен болгон маекте Улуттук илимдер академиясынын мурдагы директору Абдыган Эркебаев айтты.

- Бул көрүстөндүн капыстан эле табылып калшы бул багытта биздин өлкөдө атайын систематикалык иштердин жоктугунан кабар берет, - деп аныктайт ал.


- Тарых илимин жана археологияны каржылоонун жоктугу өкүндүрөт. Мамлекет тарабынан тарыхый баалуулуктарга көңүл бөлүнбөйт, алтургай азыр таап алганыбызды да сактай албайбыз. Жок дегенде көмүлгөн мумияны эстейличи.

Археолог Калича Ташбаева өз кезегинде табылганы казган учурда адистер болбосо, илимдин ачылышы жоголду деп эсептеп коё берүү керек, - деп белгилеп өттү.


Калича Искендеровна мамлекеттин изилдөөнү каржылабагандыгы боюнча кеңеш берди.

 - Көп жылдан бери казуу иштерине мамлекеттен бир тыйын албайбыз, - дейт ал - Жыл сайын чет элдик кесиптештер менен кызматташтыктын аркасыда көп иштерди аткарып келишет. Академиянын болсо жөнөкөй эле командировкага акчасы жок. Азыркы табылганы изилдөөгө да каражат жок.

Эске салып коёлу, 2-сентябрдан баштап 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болот. Маданий иш-чаранын бир бөлүгү Кырчын жайлоосундагы этношаарчада өтөт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх