Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элдер сууга чөгүп жатышат, анткени менен эч нерсе өзгөргөн жок

Тоокеништетүүчү ишкананын куткаруучу командасынын мурунку капитаны жээкте эс алып жүргөндөргө кеңеш берет

Акыркы күндөрү сууга киринген учурларда өлүм көбөйүп кетти. Чүй облусунда 7 киши, Ысык-Көлдө болсо акыркы ММКларда жарыя болуп жаткан окуя катталды.

Мурдагы инженер жана куткаруучу команданын капитаны Расул Үмбөталиев  Vesti.kg сайтына бул каргашалуу окуяларга ким күнөөлүү жана алардын саны канткенде азайаарын айтып берди.

- Көпчүлүк учурда элдер өздөрүнүн өлүмүнө өздөрү себепкер болушат, - дейт ал. - Техникалык коопсуздукту сактабай, өздөрүнүн күчүн ашыкча баалап алышат. Тилекке каршы өлгөндөрдү тирилте албайсың. Ал жердеги пирстер киринишке ылайыкташпаганын түшүнүүбүз керек. Ал жердин тереңдиги 2 метр, башың менен сайылбаганың менен, алыска сүзүп кетсең кайтканга дарманың калбай калат.

Талдоочу ата-энелерди балдарын пирстен үйлөмө тегеректерди кийгизип секиртпөөгө чакырат, анткени сууга катуу урунганда алар жарылып кетиши мүмкүн. Бул учурда бала суунун улуу жеринде таптакыр жардамсыз калып калат.

- Алтургай чоңдорго да бул суунун терең жери коркунучтуу, - деп эскертет Үмбөталиев. - Шамалдын да мааниси зор. Түштүк шамалы, «тоо жели» аталган шамал жээктеги толкунду күч алдырат. Ага каршы сүзүү өтө кыйын. Менин сууда сүзүүдө тажрыйбам бар, ошентсе да бул капканга бир нече жолу түшкөм.

Ал жерде чоң кишини да жаш балага окшотуп чөктүрүп жиберген эмне? Тырышуу. Булчуңдардын кыскаруусу оору менен коштолуп тажрыйбалуу суучулду да катардан чыгарышы мүмкүн.

Ошондуктан куткаруучу команданын экс-капитаны куткаруу костюмдарды жип менен байлана жүрүү өмүргө коопсуз экендигин эскертет.  

- Тырышып калуу көбүнчө муздак сууда болот, алтургай жылуу сунун алдында да муздак агым болушу мүмкүн, - деп эскертет ал.

Бирок бардык күнөөнү кирингендерге эле коё берген да болбойт, - дейт Үмбөталиев.

- Мен бир да жерден куткаруучулар турган мунараны көрө алган жокмун, деп айтат ал. - Элдер өздөрүнчө эле киринип жатышат. Куткаруучулар керек, көрсөтмө берип турушу керек. Эс алуудан акча иштеп аткандан кийин пансионаттар бул тууралуу кам көрүүсү зарыл.

Коомдук ишмер ар бир чөккөн адамга материалдык жоопкерчиликти эс алуу үйлөрү тартышы керек деп эсептейт. Аз суммада эмес, 1-2 миллион сомдон. Болбосо жаап салыш керек.

- Ошенткенде баарына куткаруучу күрмөгө да, куткаруучуларга да, тегеректерге да акча табылмак, - дейт Үмбөталиев.  

Ошондой эле талдоочу Мамэкотехкоопсуздук инспекциясы жарандардын коопсуздугу үчүншарт түзүүсү керек деп эсептейт.  

- Элдердин өмүрүнүн коопсуздугуна  бийликтин кайдыгерлиги, - дейт Үмбөталиев. - Жаш өлгөндөргө аянычтуу.
Эске сала кетсек, 23-июлда Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Александр Стручалин чөгүп өлдү.

Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата пляжында бишкектик аялдын сөөгү табылды. Денесиндеги жаракаттын жоктугуна байланыштуу, аны тумчугуп калган дегенге болот.

Жекшемби күнү, 22-июлда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы «Акун» пляжында журналист Улан Эгизбаев чөгүп кетти.

Ошол эле күнү Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана бишкектен болуп 4 адам сууга чөктү. Алардын экөө ал 18 жашка да чыга элек болчу.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх