Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын жарандарын Алматынын аэропортунда суракка алып жатышабы?

Тышкы иштер Министрлиги бул иш тууралуу казак тарапка суроо жиберилет дешти

Бул кыргызстандыктардын чек ара жана өткөрмө пункттарындагы мындай кызык абалга биринчи жолу эле даттануулары эмес. Элдер ал жердеги берилген ар кандай суроолор жана сурооого жооп берүүдөн баш тарткан учурдагы тинтүүлөр тууралуу айтып беришет.

Алардын кезектеги ушундай мамилеси тууралуу Facebook колдонуучу Умай Арыкова айтып берди. Ал аял Стамбул - Алматы сапарында учкан.

Негизсиз суракка алууга ачууланган ал, соцтармак аркылуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге кайрылган:

«Кезекте турсак, бизди, Кыргызстандын жарандарын сурак берүүчү бөлмөгө жөнөтүштү, эки штаттык формачан киши биздин паспортторубузду алып алды. Телефонуна бизди сүрөткө тарта баштады, - деп жазат Арыкова. - Ал адамдардын аты-жөнү жазылган бейджиги  же формасында наамы тууралуу белгилер жок болчу. Документ да көрсөтүшкөн жок. Өздөрүн тааныштырбай туруп эле, Түркияга эмне максат менен кетип жаткандыгыбызды сурады. Менин кандай негизде бизди кармап жатасыңар деген суроомо жооп кылып, эч кандай мөөрү, колу коюлбаган, бизди кармоо тууралуу көрсөтмөсү да жок кагазды көрсөтүштү».

Кыргызстандын тышкы иштер Министрлиги Vesti.kg сайтына биздин жарандардын арызы боюнча казак тарапка кайрылганы жаткандыгын билдиришти.

Мекемедегилер бул маселе боюнча тийешелүү бөлүмдөр иштеп жатышат дешти.

- Казакстанга төмөнкү суроолор жиберилет: Эмне үчүн алар мындай кылышат жана кандай негиз бар? Эгерде негиз бар болсо, анда эмнеге бул туурасында так жана ачык маалымдашпайт, - деп аныкташты ТИМнин пресс-кызматы.  

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх