Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 356 атты жалдап алышат

Аттардын улуттук оюндарга катышууда тажрыйбасы болуусу зарыл жана 11 жаштан картаң болбошу керек

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруучулар 356 атты 5 млн. 370 миң сомго жалдап алышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына спорттун улуттук түрү боюнча Дирекциясынан билдиришти.

Алардын айтымында, жалдап алынган аттар негизинен Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары үчүн.

- Аттар негизинен «көк бөрү», «эр эңиш», «салбуурун» жана жаачылар үчүн, - дешти дирекциядагылар. - Ошондой эле чет элдик катышуучулар жана калыстар үчүн.    

Көрүнгөн эле ат жарай бербейт: ага уюштуруучулардын бир катар талаптары бар.

- Бийиктиги 150 см, жашы болсо 4 жаштан 11 жашка чейин, - деп көрсөтүштү алар. - Бирок эң негизгиси ат тийешелүү ат юндары боюнча тажрыйбасы болуу зарыл.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх