Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жарандар жеке уюлдук телефондорун каттатуу үчүн акча төлөшпөйт

Министрлер кабинети токтомдун долбоору коомчулуктун талкуусунда турат, премьер-министр аны кабыл албай коё алат деп түшүндүрдү

Кыргызстандыктар уюлдук телефондорун каттоодо жана кайра каттоодо (IMEI код) акча төлөшпөйт. бул туурасында Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

- Каттоого акча төлөө бир гана жолку болот жана ал Кыргызстанга жаңы алынып келинген аппараттар үчүн гана, - деп белгилешти өкмөттөгүлөр. Ошентип  IMEI кодду каттого алуу компаниянын эсебинен гана төлөнөт, ал эми сим-карталары бекер болот.

Идентификациялоо эрежеси 2019-жылы күчүнө кирет деп болжолдонууда. Азыр колдо бар уюлдук аппараттар жана 3G/4G-Wi-Fi модемдерди каттоонун кереги жок, бул автоматтык түрдө катталат. Алар мурункудай эле иштей беришет.

- Чет мамлекеттен КР жарандары сатып алган телефондор мамлекеттик кызматтын порталы аркылуу акы төлөө менен катталат, - деп кошумчалады пресс-кызматындагылар. - Ошону менен бирге эч кандай бажы төлөмдөрүн жана акы төлөбөйт.

Эгерде жарандын бир эле учурда бир нече телефону же аппараты болсо, анда ар бирине төлөп отуруунун керегеи жок, сим-карта бекер берилет.

- Уюлдук аппараттарды каттоого алуу өлкөдө зарыл нерсе, анткени бул уурдоонун, аткезчиликтин жана жасалма товардын алдын алуучу нерсе, - деп ишендирет өкмөттөгүлөр. - Уурдалган телефонду колдонууга болбой калат ошондо.

Кыскасы, өкмөттүн токтомунун долбоору коомчулуктун талкуусунда турат.

 
- Бул долбоор токтому «Электр жана почта байланышы тууралуу» мыйзамынын аткарылышы үчүн иштелип чыккан,  анткени бардык чет элдик уюлдук телефондордун идентификаторлору дарек базасына киргизилиши керек, - деп түшүндүрүштү министрлер кабинетиндегилер.
 
- Жарандар ушуну эсепке алып, бир айдын ичинде Мамлекеттик маалымат технологиялык комитетине өздөрүнүн сунуштарын, сындарын айтышса болот.
 
Иштеп чыгуучу орган бардык сунуштарды жана сындарды жарыя кылуугу милдеттүү. Ушундан кийин гана аталган долбоор министрликтин макулдук процедурасынан өтөт жана өкмөттү Аппаратында кароого жиберилет.  
 
Премьер-министр бул нормативдик укуктук актыны өлкөнүн бүтүндүгүнө, бизнеске чыгым алып келген учурда, өлкөнүн кызыкчылыгына дал келбесе  четке кагып кой алат.
 
Ошоентип бул иштелип чыккан мыйзам долбоору азыркы учурда кабыл алынат же таптакыр четке кагылат.  
 
Уюлдук түзүмдөрдү аныктоо практикасы бардык эле өлкөлөрдө колдонулат. Азербайжанда ушундай каттоо 5 манат турат же 200 сомдун тегерегинде. ал эми Түркияда болсо ал 115 лирага же 1060 сомго барабар.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх