Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Альянс Курулуш” компаниясында үлүшү барлар үйдөн да, акчадан да жок калышты

Курулушка уруксаты жок компания батир сатууга келишим түзгөн

“Альянс Курулуш” компаниясына алданып калганына Бишкектин тургуну Айнура Исмаилова даттанат. Ал аял өзү жана дагы өзү сыяктуу кишилер кантип ал компанияга акча салып алданып калышкандарын Vesti.kg сайтына йтып берди. Былтыр ноябрда ал компания менен келишим түзүп үйдүн 30% акчасын төккөн. Ал турак жай Бөкөнбаева көчөсүнө курулушу керек эле.

-Бирок ушул күнгө чейин үй курула элек, ал эми элдердин акчаларын болсо кайтарып бербейт, - дейт Исмаилова. –Андан сырткары, Башкы архитектура бул үйдүн курулушуна уруксат берген эмес. Ошондо компаниянын жетекчилери бизди атайылап эле алдап, акчабызды алып алган болуп жатабы? Мен милицияга жана ЭККМК кайрылдым, азырынча натыжа жок. Чамасы президентке кат жазат окшойм.

Жакында эле аны компанияга чакырып акчасын беребиз дегендерин айтты.

-Мен “Альнс Курулуш” компаниясына келсем жетекчилеринен эч ким жок экен, алтургай бухгалтери да кетип калды, - дейт ал. –Мени менен келишим түзгөн коммерциялык директор Виталий Галкин. Бирок мен милицияга арыз жазгандан кийин ал жоголуп кетти. Мага окшоп алдангандар өтө эле көп. Мен элдерге буга окшогон алдамчылардан батир сатып албагыла деп эскертип кетет элем.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх