Кыргызстандын тургуну ЦСКАда ойнойт
Кыргызстандын курамасы менен келишим түзүүдөн спортчу баш тартты – “россиялык клуб азырынча табында”
ЦСКА футболдук клубу жарым коргоочу Ильзат Азметов менен келишим түздү – ал Кыргызстандын тургуну. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстандын футбол Федерациясынын пресс-катчысы Наталья Угрюмова билдирди.
Анын айтымында, Ильзат мурун казандык “Рубинде” ойногон.
-Ахметов көптөн бери Орусияда жашайт, - дейт Наталья. – Анын ата-энелери ал жаш кезинде көчүп кетишкен. Бала кезинде болсо ушул жерде, Бишкекте машыккан.
Ильзат Ахметовду Кыргызстандын курамасында ойноого сунуш кылышкандыгын айтат Угрюмова. – Ал орусиялык клуб артык экендигин айтып, баш тартып койду, - дейт пресс-катчы.
Бакыт Стамов
Сүрөт www