Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пансионаттардын ээлери эс алуучулардын өлүмүнө жооп бериши керекпи?

Юрист мыйзамда баары бар экендигин эске салат. Прецедент түзүү зарыл

Ысык-Көлдүн кыласындагы пансионаттардын кожоюндары ошол аймакта сууга чөгүп өлгөндөр үчүн жооп беришеби? Өткөн жумада сууга чөгүп катарлаш кеткен өмүрлөрдөн улам, ушул суроо ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүн оорута баштады.

Көпчүлүк соцтармактардын колдонуучулары бул талкууга катышып, мыйзамда каралбаган күндө да жоопкерчиликти алышы керек деген пикирлерин айтышты.

Бирок юрист Нурбек Токтакунов Vesti.kg сайтына буга окшогон мекемелер ансыз да жарандык-укуктук жана административдик жоопкерчиликти алышы керек деп түшүндүрдү.

- Мунун баары мыйзамда жазылган, жөн гана прецедент жаратуу керек, башкача айтканда бул чарбалык субьекттерди сотко берүү керек, - деп белгиледи активист. - Ал эми башка жагынан алып карагнда, Ысык-Көл облусунун бийлигинин жоопкерчилиги да бар, алар бул маселени көзөмөлдөш керек болчу. Кеп кожоюндардын зарыл болгон талаптарды аткаруусу тууралуу болуп жатат. Суу обьекттери боюнча өкмөттүн атайын токтомдору бар, анда зарыл болгон талаптардын баары жазылган, бирок булар аткарылбайт экен. Бул качантан бери коррупциялык көйгөй болуп келген.

Бирок канткен күндө да бул коррупциялык система менен күрөшүү керек, аны каза болгондордун туугандары башташ керек, - дейт юрист.

- Баарынан мурда алар кайрылуунун субьектилери, прецедентти ошолор башташ керек, - деп улантат Токтакунов. - Бул маселени сотто көтөрүш керек дагы, коррупция менен күрөш баштоо керек. Албетте, бул маселени мурда эч ким көтөргөн эмес, ошондуктан системаны сындыруу оңойго турбайт. Эгерде элдер өздөрүн сыйлашса коррупция менен күрөшүүлөрү керек.

Бир канча жыл мурда активист жээк тилкеси тууралуу маселе менен алектенген, жээктен 100 метр алыстыкка чейин курулушка тыюу салууга далалат жасаган. Ал пляждагылардан сурамжылоо кылып, бийлик менен да жоолугушкан.

- Жыйынтыгында мага бир чиновник менин болбогон нерсе менен алектенип жүргөнүмдү айтты. - Ошондуктан менин түндүк жээкте эс албаганыма көп болуп калды. Анткени ал жерде толтура көйгөй.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдүн пансионатында журналист Улан Эгизбаев сууга чөгүп кеткен. Андан кийинки күнү вице-премьер-министрдин мурунку кеңешчиси Виктор Стручалин өлдү. КР ӨКМ маалыматы боюнча Ысык-Көл областында жылдын башынан бери 10 киши чөксө, анын 7 киринүү сезонунда өлгөн.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх