Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адилет министрлиги ишеним каттын мөөнөтүн үч айга чейин кыскартууну сунуш кылат

Мекеме "Акылдуу шаар"  долбоорунун тезирээк ишке кирүүсүн каалайт. Ал эми юрист ал долбоор пайда алып келишине ишенбейт

Автоунааларга берилген ишеним каттын мөөнөтү «Акылдуу шаардын» ишке киришип кетишине таасирин тийгизбейт. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына белгилүү юрист Владимир Плужник айтып берди.

Адилет Министрлиги тарабынан чыгарылган мыйзам долбоору азыр коомчулуктун талкуусунда, анда 3 жылга берилген ишеним каттын мөөнөтүн 3 айга чейин кыскартуу сунушталган.

Министрликтегилер бул мыйзам жарандардын укугун коргоого жана коомдук тартипти сактоого ошодой эле мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Акылдуу шаар» саясатына негизделген.

Бирок, бул түшүндүрмөгө Владимир Плужник макул эмес.

- Министрлик бул демилгеси менен жеке нотариустардын гана кызыкчылыгын коргоп жатат, анткени азыр алар ишсиз калышты. Мурда болсо элдер тынымсыз ишеним кат жаздырышып, нотариалдык бизнес гүлдөп турган.

Юрист 3 жылдык ишеним каттын мөөнөтүнүн кыскартылышы жана кыймылдуу мүлктү пайдаланууга болгон элдердин укугун басмырлоо болуп саналаарын белгилеп өттү. Анда батирлерге, акцияларга ээлик кылууга, жер үлүштөрүнө ээлик кылууга да чектөө киргизүүгө туура келип калат.                                           

- Дагы бир жолу тактап кетейин: ишеним каттын мөөнөтү «Акылдуу шаардын» ишке киришине же анын маселесине эч кандай тийешеси жок, - деп ишендирди Плужник. - Анын үстүнө баштапкы стадияларында борбор калаага анан Ош жана Ысык-Көл жолдоруна гана камера орнотууну көздөп жатышат. Анда бул программага ишеним каттын мөөнөтү эмнеси менен жардам берет?

Кыскасы, ал юрист катары Адилет Министрлигинин демилгеси менен макул эмес. Машина канча жолу сатылбасын, салык төлөөчүлөр жылына бир гана жолу салык төлөөсү керек. Бул маселени адилет Министрлиги кайра карап чыгуусу керек.

- Кудум ушул салыктын айынан элдер машинаны өздөрүнө каттаткысы келишпейт, - деп аяктады ал.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх