Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адилет Министрлиги автоунаага ишеним катты кайра калыбына келтирүүнү сунуштайт

Андан сырткары, мекемедегилер автоунаа айдоочуларга тийешелүү бир катар мыйзам долбоорлорду даярдады

Адилет Минситрлиги транспорт каражаттарын колдонуу жана ээлик кылуу укугуна ишеним катты кайтарып алып келүү тууралуу сунуш кылды. Мекемеге мындай маселе көтөрүүгө эмне түрткү берди? Бул туурасында Адилет Министрлигинин акттарды иштеп чыгаруу жана талдоо боюнча жетектөөчү адиси Акылбек Туратбек уулу бул туурасында  Vesti.kg сайтына түшүндүрүп берди.

- Биз азыр «Коопсуз шаар» долбооруна киргенге даярданып жатабыз, анын негизги максаты жол эрежесин бузуучуларды каттоо, - деп эскерттти ал. - Айып пулду автоунаанын ээлери төлөш керек. Бирок анткени менен автоайдоочулар ушул убакка чейин автоунааны өздөрүнө каттатыша элек. Ошондо эреже бузгандыгы үчүн мурунку ээлери жооп берип калат да. Айып пул алуунун механизми мыйзам деңгээлинде каралган эмес.

Адилет Министрлигинин жетектөөчү адиси ишеним катттан сырткары да бир катар мыйзам долбоорлору даярдалгандыгын жана нормативдик актылардын актай жерлерин толтураарын белгилеп кетти.

- Биздин министрлик ишеним каттын мөөнөтүн 3 айга чейин азайтууну сунуш кылып жатат, - деп түшүндүрөт ал. - Башкача айтканда жаран адегенде ишеним кат менен авто сатып алат да ГУОБДД кызматкерлерине көрсөтөт. Эгерде ишеним каттын мөөнөтү өтүп кетсе, анда айып аянтчасына машинасы коюлат да, анын мурдагы ээси документтерин алып келмейинче берилбейт. Андан сырткары, долбоордо салыкты, айып пулду  төлөбөсө же каттоо тууралуу документтери жайында болбосо айдооукугун чектөө каралат. Ал мындайча болот: Мамкаттоонун даректик базасы «Коопсуз шаарда» болот жана ИИМ айып пулдарды жазат. Эгерде жаран автоунаасын сатам десе Мамкаттоого кайрылат жана андан каттоодон чыгарып салууну сурайт, ошол эле учурда мурун төлөбөгөн айып пулдарын төлөйт. Ал бардык суммаларды төлөп бүтмөйүнчө ага кызмат көрсөтүлбөйт.   Кудум ошондой эле көрүнүш айдоочулук күбөлүктү жоготкондо да кайталанат.

Акылбек Туратбек уулу убактылуу гана мыйзам долбоор болот, бир жылга гана деп кошумчалады. Анткени бардык автоунаалардын ээлерин гана тактап алуу керек болуп жатат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх