Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айтымчы: Жакында Өмүрбек Текебаев жакында боштондукка чыгат

Света Тойгонбаева премьер-министр, Бишкектин жаңы мэри, Райым Матраимов жана башка саясатчылар тууралуу айтат

Vesti.kg сайты айтымчы Света Тойгонбаеванын айткандары менен бөлүшөт. Редакция анын айткандарына ишенүүгө же тескерисинче четке кагууга эч кимди чакырбайт. Бирок мындан мурун Тойгонбаева президент Алмазбек Атамбаевдин каршылаштарынын саны көбөйөт деп айтканын эсиүиздерге сала кетели.

«Октябрдан баштап Кыргызстанда аура алмашып, түрмөдөн чыкчулар чыгып, камалчулар камалат”

Октябрдан баштап, Кыргызстанда аура алмашат. Боштондукка чыга тургандар чыгат. Элдин күткөнү орундалып, көпчүлүгү президентке алкыш айтат. Ошондой эле камала тургандар октябрь айында камалат. Келечекте мыйзам күчүнө кирип, түрмөлөр жоюлуп, ордуна башка имараттар курулат.

Премьер-министрдин иши илгерилебей жатат. Иш алдыга жылбагандын кесепетинен  бийликтеги маанилүү делген кызматтагылардан экөө алмашат. Ошондой эле премьер-министр кызматынан кетип, иши татаалдашып, Мухамбедкалый Абылгазиев  да орган кызматкерлерине жооп берчү маселелер жаралышы ыктымал.

Мурдагыга караганда президенттин аурасы тазалана баштаптыр. Бирок, президент бардык маселени чечем дегени менен каржы жагынан эптей албай  жатат. Жакын арада көп чыгымды кетирип,

Кыргызстан үчүн пайда деле алып келбеген көчмөндөр оюну тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле күзгө маал Кыргызстанда катуу жааган жаандан көпчүлүк жабыркап, эл кыйналат. Нааразычылык акциялар жер-жерде чыкканы менен эл толкубайт. Ошондой эле орган кызматкерлерине кол салуу болушу ыктымал.
 
Эл мамлекет мамлекет каржы жагынан кыйналганы менен элдин маанайын Кыргызстандын спортчулары көтөрөт. Башкача айтканда, спортчулар чоң сыйлыктар, байгелерге ээ болуп, дүйнө элин суктандырат.

Көпчүлүктү бушайман кылган жер-жерлерден чыккан өрт эми банкка окшогон имараттан чыгат. Анткени, андай өрттү атайын бир топ жасап жатат. Алар кандайдыр бир максаттарын ишке ашырыш үчүн Кыргызстанда тымызын өрт чыгарып жатышат.

Мага келген аяндардын дагы бирине токтолсом, маданият тармагына салым кошкон, элдин рухун, духун көтөргөн чыгармаларды жараткан атактуу бирок карылыгы жетип калган адам бул дүйнө менен коштошот.

Текебаевдин жолу ачылыптыр. Аны камактан чыгарууга кимдир бирөөлөр кийлигишип жатат. Учурда анын документи тиешелүү адамдардын колунда кайра баштан каралып жатат. буюрса, эркиндикке чыгат. Өкүнүчтүүсү, Текебаевге  кант диабети деген ооруу пайда болушу мүмкүн деген аян келип жатат.

Камактагылар кезек кезеги менен эркиндикке чыгат. Башкача айтканда, Текебаев, анан Садыр Жапаров чыгат. Күзгө маал саясый куугунтуктардын бир тобу бошойт.

Райым миллион Кыргызстандан чыккан жок. Жакынкы эле жерде жүргөн. Өзүнө ишенип турат. Бирок, кызматы калыбына келгени менен иши баштагыдай жүрбөйт. Мамлекеттин казынасын толтура албайт. Мунун жолунда кара сызык түшүп калыптыр. Канча жан талашса да мезгили келгенде тузакка түшөт. Кылмыш иши козголот.

Атамбаев баштагы оюнан кайтып, элдин тынчтыгын бузбайын деп калыптыр. Атамбаев башка нерселерге алагды болбой ден соолугун карашы керек. ага күн эмес. ар бир мүнөт кымбат болуп турат. ошон үчүн убактысын башкага эмес, ден соолугун калыбына келтирүүгө коротсо жакшы болмок.

Бишкек шаарына аял киши да талапкерлигин коёт. Ал 90 пайыз мэр болууга мүмкүнчүлүгү болсо да,  Азиз Суракматов ал кызматты күн мурунтан чечип койгон үчүн мэрлик ага буйруйт. Анын креслодо отурганын көрүп жатам.  Бирок,  ал кызматты акча менен чечип алганы менен бар болгону бир жарым жыл эле иштейт. Анткени, бул кишиде тажрыйба аз.  Элди бириктире албай, коллектив менен тил табыша албай, ишин жөндөй албай убара керчилик тартат.
 
Оштун мэриясы кут конгон, ооматтуу жер. Ошон үчүн ошко мэр болгон киши көтөрүлүп зоболосу көтөрүлөт. Оштун жаңы мэри 2 жарым же 3 жыл иштейт. Андан кийин кайсы бир кызматка иштеш үчүн борборго которулат. Ош ооматтуу, кут конгон жер болгон үчүн ал жактагы мэрлердин көпчүлүгүн ийгилик курчайт.

Акматбек Келдибеков майда иштерге  аралашканы менен эмнегедир чоң кызматтарга аралаштырбай жатат. Ал Манжыл атага, Кочкор атага жана дагы бир чоң мазардын бирине барып,  кан чыгарышы керек. Ошондо гана иши илгерилейт деген аян келип жатат. Келдибековдун аурасы оорлошуп, жолу байланып калыптыр.

Чыныбай Турсунбеков мындан ары кызматка көтөрүлбөйт. Керек болсо бир зоводун сатууга арагсыз болот. Бизнеси токтоп, ишканасы жабылат деген аян келип жатат. Анткени, Чыныбай Турсунбековго  көз тийип, назарлап калган. Ошон үчүн тазаланып жолун ачтырбаса, иши кыйчалыштай берет. Элден бата алып, кудай тамак бериши керек.

Пирматов кут конгон адам экен. Өз күчү менен көтөрүлүптүр. Бирок, эмнегедир тымызын анча жакшы эмес иштерге да аралашыптыр. Азыр Кыргызстанда жок. Жашырынып, келип  кетип турат экен. Бул киши камалбайт. Маселесин акча менен чечип алат.  Бул жигит кырдаалдан камыр сууругандай чыккан, суу жукпаган адам экен.

Аэлита Сатындиева
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх