Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зордуктоо үчүн соттолгон Жапон дзюдочусу КР курама командасын машыктырат

Федерациядагылар анын келишин жапондук кесиптештери менен макулдашышкандыгын белгилеп кетишти

Кыргызстандын дзюдо боюнча курамасын өз мекенинде зордуктоо үчүн соттолгон спортчу машыктырат. Бул туурасында биздин ММКна жапондук  Тhe Mainichi басылмасы шилтеме жөнөткөн.

Анткени, 2013-жылы дзюдо боюнча олимдиадалык эки жолку чемпион Масато Утисибу мас студент кызды зордуктады деп айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Ушул себептен аны Жапан өлкөсүндө дзюдо Федерациясына мүчөлүктөн өмүр бою ажыратышкан.

Бирок дзюдочу менен келишимди жеке адам түзгөн, КР дзюдо Федерациясы түзгөн эмес.

Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Федерациянын башкы катчысы Азамат Исабеков билдирди.

- Дзюдо - бул жапандык спорттун түрү жана ал өлкөдөн машыктыруучу таап келүү көйгөйлүү, ошондуктан бул нерсе мартаба, - деп түшүндүрдү ал. -Утисибуну чакырган жеке адамдар анын ишине гана төлөйт.

Кыргызстандын дзюдо Федерациясы жапан спортчусунун кадыр-баркы тууралуу билет деп белгиледи Исабеков. ошондуктан алар менен келишим түзүүдөн мурун Жапониянын дзюдо Федерациясынан уруксат сураган. Алар бир гана шарт коюшкан: Масато Утисибу биздин федерацияга кирүүгө тийиш эмес.

- Масато Утисибу машыктыруучу болбойт, анын Кыргызстандын атынан таймаштарга барууга акысы жок, - деп улантты федерациядан. - Ал кеңеш гана берүүсү мүмкүн. Албетте, биз келишим түзгөнгө чейин эле анын кадыр-баркы тууралуу билгенбиз. Бирок, бул спорттун түрүнөн эки жолку олимпиадалык чемпион болгондугун эске алганбыз. Жакшы машыктыруучулардын биздин өлкөгө келүүгө көңүлү жок экендиги баарына белгилүү дегилечи.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх