Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын тургундары зоопаркта кор болгон жаныбарларга ичтери ачышат (сүрөт, видео)

Мамэкотехинспекциядагылар таң калышат: акыркы жолу жаныбарга 2017-жылы текшерүү жүргүзүшкөн

Ош шаарынын тургундары ал жердеги зоопарктын шартына нааразы болушат. Ошол жерде болгондор видеого жана сүрөткө тартышып, Instagram га чыгарып шардана кылышты. Кээ бир жаныбарлардын денесинде жарааттар бар.

- Тыйын чычкандар эстери жарым-жартылай оогон абалда, бирөөсүнүн баш сөөгү көрүнүп калыптыр, - деп жазат алардын бирөө. - Кантип ушуну өз убагында байкабай коюуга болот? Коёндун болсо оозу жара болуп кетиптир. Биз муну карап тургубуз да келбейт.

Тармактын колдонуучусу аюунун тар клеткада жаткандыгын, алтургай бурула да албай калгандыгын жазат. Андан да күндүн ысыгына ал камалган тордун  металлы кызып кеткен.



Vesti.kg сайты комментарий үчүн Мамэкотехинспекцияга кайрылды. Мекеменин эколог-инспектору Асанбек Мамыралиев органдын уруксат кагазы жок текшерүүгө укугу жок деп билдирди.

- Акыркы жолу бул зоопаркка пландык текшерүүнү 2017-жылы кылганбыз, эреже бузуулар жок болчу, - деп таң калат ал. - Бардык жаныбарлар өз убагында эмдөө алат, ветеринардык корутунду бар.

Маектешүүнүн жүрүшүндө ал Мамэкотехинспекция бул зоопаркка жакынкы үч айдын ичинде текшерүү жүргүзөт деп билдирди. Бул үчүн инспекторлор мүнөздөмү алышы керек.

- Биз алардын кандай тамактангандыгын, кармоо шарттары ошондой эле экологиялык жана техникалык коопсуздугун текшеребиз, - деп аяктады инспектор.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх