Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер таштандыларды контейнерден бир метр алыстыкта үйүп салышкан (фото)

«Тазалык» МИ шаардыктарды таштандыларды атайын даярдалган бактарга жеткирип таштоону суранышат

Бишкектин жашоочулары таштандыга ылайыкташкан контейнердин жанына таштандыларды үйүп салышкан. Бул көрүнүшкө «Тазалык» МИ пресс-катчысы Жибек Каракеева  Facebook соцтармагынан  арызданган.

Анын айтымында, Бакаев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтчада 14 таштандыга ылайыкташкан бак жайгашкан. Бирок, жашоочулар ал жерге жеткирбе жол жээгине таштанды салынган баштыкчаларды калтырып кетишет.

- Биз бул жердеги таштандыны график боюнча эки жолу алып кетебиз (түндө жана кечинде 17:00 кийин).  Биздин санитардык тазалоонун балдары башка атайын техника менен да күндө тазалашат. Жалпысынан бир күндө 3 жолу ал жерден таштанды алып кетебиз, - деп жазат Каракеева.


Ал бишкектиктерге стихиялык таштандыларды кылбоону суранып кайрылат.

- Урматтуу шаардын ушул районунда жашаган тургундары, таштандыларды атайын коюлган 14 бакка ташташыңарды суранабыз! - деп суранат пресс-катчы.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх