Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Телефондорду каттоо акысыз жүрөт»

Маалыматтык  технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Эшмамбет Аматов өкмөт “бюджеттин жыртыгын бүтөмөй болду” деген эксперттердин пикирин четке какты

"Өкмөт жарандардын эсебинен мамлекеттик бюджетти толтурууну” көздөгөн жок. Мааалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов телефондорду каттоо-  бул калктан каражаттарды мыйзамдуу алуунун  жолу деген туура эмес,- деп билдирди. Мурдараак Vesti.kg өкмөттүн жаңы эрежесин киргизүү жөнүндөгү сунушка тактап айтканда  уюлдук телефонду катттоо үчүн алына турган 100 сом акы туруалуу  эксперттердин пикирин тараткан. Анда  алар өкмөт мындай жол менен жаңы салыктын түрүн киргизип жатканын, бул болсо бюджеттин жыртыгын бүтөө дегенди түшундүрөт деп   билдиришкен.

“Алардын бири  уюлдук телефондор аркылуу казынаны толтуруп жатышат деп да белгилеген.  Бул айтылгандарга Аматов сунушталган мыйзам долбоорун ушундай түшүнүп жаткандарына таңкалганын жашырбайт.  Анын айтымында сунушталган идея чындык менен дал келбейт.

- Алар бул долбоордогу мындай пунктту кайдан табышты? Акылга сыйбаган нерсе,-дейт чиновник. Тескерисинче, биз каттоону акысыз жүргузүү керектигин сунуштап жатабыз.  Бул эреже бир гана уюлдук телефондор менен камсыз кылган ишкерлерге тиешелүү.   Калк мындай телефондорду сатып алуу менен  алардын каттоодон расмий  өткөнүн билип алышат жана уурдалган же контрабандалык жол менен алынган эмеспи дегенге ынана алышат. Мунун өзү элдин легалдуу телефондорду колдонууга мүмкүндүк бермек.  Бул маалыматтык база эл аралык байланышка да таандык.  Эгерде телефонду чет өлкөдөн  уурдатып алган болсо, биздин база  аркылуу билип алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аматовдун айтуусунда уюлдук телефондорду каттоо жөнүндө мыйзам 2013-жылы эле кабыл алынган жана биринчи вариантында бул мыйзам тейлөө кызматы үчүн калкка төлөө милдеттендирилген.

- Бирок бул болгону кайсы бир убакытта толуктоону талап кылып жаткан  мыйзам долбоору,- дейт ал. Бул маселе боюнча бардык маалыматтар чогулгандан кийин  коомдук талкууга коюлат. Андан кийин түшкөн сунуштарды жумушчу топ эске алат. Ошол үчүн мен бул долбоордон калктан каттоо үчүн акы алынат экен деген кайсыл жерден тапкандарын тушунбөй турам.

Эске салсак, кыргыз өкмөтү “ Кыргызстандын аймагында мобилдик каражаттарды идентификациялоонун эрежелерин бекитүү тууралуу” долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, ар бир алмашкан  SIM-картага эгер телефон мурда катталбаган болсо,  кардар мамлекетке 100 сомдон төлөшү зарыл.

Бакыт Стамов

сурот www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх