Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кырсыгынан жабыркагандарды жол кыймылын көзөмөлдөөчү кантип куткарып жатат? (видео)

Милиционерлер аварияда кырсыктагандарга медициналык тейлөөгө чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча сынак тапшырышты

Милиционерлер жеке практикада жол кырсыгына жабыркаган учурда кандай жардам көрсөтүш керек деген  тажрыйбаларын текшерүүдөн өткөрүштү. Мындай окуулардын өтүшү туурасында, Vesti.kg  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары Атыр Бекмурзаева айтып берди.

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын отуздай кызматкери 2017-жылдын 18-ноябрынан 4-январга чейинки атайын курстан өтүшкөн. Ал эми 2018-жылдын 30-31-июлунда Чүй областынын автоинспекторлору Кызыл Жарым Ай коомунун координаторлору менен бирдикте жолдо кырсыкка кабылгандарга биринчи жардамды кандай көрсөтө алабыз дегенге деңгээлдерин сынап көрүштү.   

Экзамендин алкагында Бишкек-Торугарт автожолунда жол кырсыгынан жабыркап аткан сыяктуу көрүнүштү уюштуруп, ар кандай жаракттарда кандай жардам көрсөтүү зарыл экендиги сыналды.



-  Бардык милиционерлер жыйынтыгында “Эң жакшы” деген  баага татыды деп белгиледи, - Көрсө биздин кызматкерлер жол кырсыгы болгон жерге кызматтык милдетине байланыштуу баарынан биринчи келишет экен,  андыктан  медициналык тейлөөгө чейин биринчи жардамды көрсөтүү боюнча окуулар дагы улантылат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх