Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туз- Көл деп аталган туздуу көлдү ижарага алгандарга калк нааразычылыгын айтууда

Социалдык тармактардын колдонуучулары одоно мамиле, булганыч, тейлөөнүн  жоктугу сыяктуу жагдайларды белгилешти. Тоң районунун акими  маселе президенттин көзөмөлүндө  экенин ишендирүүдө

Кыргызстандыктар Ысык- Көл областынын Тоң районундагы  Туз-Көл  туздуу көлүнө арендаторлордун жасаган одоно мамилесине нааразычылыгын билдиришүүдө.  Көлмө жеке колго өткөн.

“Бул жакта чектен чыккандык орун алган”- деп интернет колдонуучулар нааразы болууда. - Кир, таштанды, жолдун  баткагы, тейлөөнүн бардык түрүнүн  жоктугу, сыйрылган кабыктар, жана туристтердин одоно кириши, кандайдыр бир спорттук денелери чыңалган, а түгүл криминал сыяктанган  жигиттердин  коркутуу, үркүтүүлөрүн көрүүгө болот”.

Публикациянын авторунун айтымында автомашинасын токтотуу үчүн 200 сом төлөгөн. Бирок көлмөнүн жээгиндеги баралына келген жигиттер дагы ар бир адамдан 50 сомдон талап кылышкан. Төлөөгө каршы эмес экенин билдирген ал буга төлөмдүн чегин сураган.

- Ушул жерден коркутуу  башталды, бизди жаш балдарыбыз менен кошо мушташууга чагым кыла башташты,- деп улантат ал. Менде бийликтегилерге суроо бар: Эгерде сиздер 49 жылга бул дыйкан чарбасын ижарага берген болсоңор, анда эмне үчүн эң жөнөкөй тейлөө сервистери жок, эмне үчүн көзөмөл жок?  Эмне үчүн чочколордой ушул булганычка жана физикалык күч көрсөтүүлөргө, психикалык басмырлоого чыдашы керек?!”

Элдин мындай нааразчылыгына Vesti.kg Тоң районун акими Таалайбек Ажиевге комментарий  берүү үчүн кайрылды.  Анда ал мындай дооматтар менен кабардар экенин,  маселени өкмөттүн деңгээлинде көтөр уп келгенин белгиледи.

- 1995-жылы өкмөттүн токтомуна ылайык бул участок 49 жылга ижарага берилген,- деп түшүндүрөт ал.  

- Азыр биз өкмөттүн бул токтомун четке кагуу боюнча иш жүргүзуп жатабыз. Президент да, премьер да бул боюнча кабардар жана бизге бул маселени иштеп чыгууга көрсөтмө берген.

Ошол эле учурда Тоң районунун башчысы аталган жерди кайтарып алууда кыйынчылыктар болоорун моюнга алды.

- А бирок дейт ал, эгер биз жогоруда токтомдо белгиленген нерселер пункттарда  аткарылбай жатканын далилдей алсак,  анда эс алуучулар  уч ун шарттарды тузуп берүү максатында биз бул жерди муниципалдык менчикке чыгарып бере алабыз, деп жыйынтыктады Таалайбек Кулубекович.  

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх