Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кем акылдык диогнозу менен 2-топтогу майып адам убактылуу камоочу жайында кармалууда. Ал дарыланууга муктаж

Укук коргоочунун айтуусунда камалган адам бул жерде эс учун жоготкон

2-топтогу майып адам  баңгизатын сактаган деген күнөө менен камалган.Ошондой болсо да ага медициналык жардам көрсөтүү керек,- деп билдирди  Vesti.kg укук коргоочу Камиль Рузиев.

Анын айтуусунда 30 жаштагы Асылбек  Ырысбек уулун   милиция баңгизаттар  менен Ысык- Көл областынын Ой –Булак айылында жолдун боюнан кармаган. Ал ооруган абалында үйдөн чыгып кеткен.  

- 2018-жылдын 13-июлунда Түп райондук соту аны эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган,- деп билдирет укук коргоочу. Жактоочу бул чечимди Ысык- Көл областынын сотуна доо арыз  менен кайрылган. Бирок областтык сот мурдагы соттун чечимин күчүнө калтырган.  №3 убактылуу камоочу жайдын башчысы Марат Жапаев дагы 17 –июлда камоочу жайда  Асылбек эс учун жоготуп койгонун, ага медициналык  тез жардам чакырылганын билдирет, - деп айтты.

Маектин жүрүшүндө Камиль Рузиев кармалган адам  республикалык  психикалык ден соолук борборунда дарыланууга муктаж экенин көргөн.  

- Биз Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаиловага кайрылдык,- дейт ал. Кайрылуубуздун негизинде ал Ысык- Көл областынын прокурору Кубанычбек Шатенов менен чогуу убактылуу камоочу жайда болгн. Көп өтпөй эле алар кармалган жаранга соттук-медициналык экспертизаны өткөрүү жана стационардык дарылануу үчүн  республикалык психикалык ден соолук борборуна которууга убада беришкен.

Камакка алынган  бул адамга  “Наркотикалык каражаттарды же психотроптук нерселерди максатсыз ташуу же өткөрүү,  мыйзамсыз даярдоо, колдонуу жана сактоо” деген  246-берене менен кылмыш иши козголгон.  

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх