Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги сууга түшүү сезону: Эс алуучулар өзүнөн кийин желим баштыктар, бөтөлкө жана дарбыздын кабыктарын калтырууда

Күн сайын көлмөнүн жээктериндеги  калдыктарды 30дай адам тазалашат

Ысык- Көлгө барууга мүмкүнчүлүк таба албаган Бишкектин тургундары үчүн, бир айдан ашык шаардык көлмөлөр иштеп жатат. Жүздөгөн шаардыктар Каражыгач багына келишип, бош убактыларын Комсомол жана Пионер көлмөлөрүндө өткөрүшөт.

Көлмөлөрдүн жээктериндеги эс алуу  көйгөйлөр менен коштолот. Аны ар бир адам өзү таштаган таштандылар менен түзүп келет. Эс алуучулар Комсомол жана Пионер көлмөлөрүнө дайым дарбыздын кабыктарын, желим баштыктарды, бош бөтөлкөлөрдү калтырып кетишет. 

Бул туурасында Vesti.kg «Бишкекжашыл чарба» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Болот Абдыжапаров билдирди.

- Каражыгач багынын айланасын тазалоо ишине 30 кызматкер тартылат. Алар жээктеги таштандыларды тазалашат. Таштанды күнүгө эки жолу чыгарылат. Жээкке орноштурулган 6 контейнер тез эле толуп калууда.

Белги лей кетсек, борбордогу сууга тушүү сезону 16-июнда ачылган. Көлмөгө 1,5 миң тонна кум, 10 тонна техникалык туз жана 2 тонна хлор алынган.

 

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх