Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туз-Көлдүн ижарачысы жергиликтүү бийликти басып алуучулукка айыптады

Нурлан Мамыров соцтармактардагы маалыматтык чабуулдардын артында айрым чиновниктер менен олигархтар турат деп ишендирет

Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Туздуу Көлдун ижарачысы Нурлан Мамыров жергиликтүү бийликти рейдерлик басып алууга аракет кылды деп,- кунөөлөдү. Бул туурасында ал  өзү Vesti.kg маалымдады.

Анын айтуусунда соцтармактардагы маалыматтык чабуулдун артында жергиликтүү бийлик турат.

- Бир айдан бери рейдерлик басып алуучулар менен күрөшүп жатабыз дейт ишкер. Райондук олигархтар ар жерде эле жалган жалаалар менен бизди каралоодо.Бизге коюлган бардык күнөөлөрдүтиешелуу далилдер менен биз расмий жооп кайтарабыз.Бирок алар башка механизмдерди колдоно баштады көрунөт.Мисалы мына бул интернетке биздин кызматкерлерди одоно мамиле кылышты деген Рыспай Мамадалиевдин жазгандары фейк болуп эсептелет. Биздин адистер текшерип чыгышканда андай адам жок болуп чыкты.Бирок маалымат кетип калгандыктан экотехинспекциянын  адистери келишти. Алар бардыгын карап чыгышып эч кандай мыйзам бузуулар жок экениндигин көрүп бүтүмун чыгарышты.Бардыгы таза, таштанды контейнер коюлганын көрүштү. Керек болсо тамекинин калдыктарын чогултабыз. Көлдүн түштүк жээгинде тазалыкты сактаган, таштанды  контейнерлерди койгон жалгыз эле бизбиз десем  да болот.

Нурлан Мамыров  ошондой эл эс алуучуларга төлөм кагазын бербейт деген маалыматты четке какты.

-Кээде адамдар оздору албай баш тартышат.Кийин дооматтар болбосун деп мындай учурда болбой эле колдоруна карматабыз.  А түгүл чектерин таштап салган учурда да биз аларды отчет үчүн чогултуп коебуз.  Айткандары далилдуу болсун үчүн Мамыров бир дагы мамлекеттик орган мыйзам буздуң деген билдирме жөнөтпөгөндөрүн белгилейт.

- Мына азыр эле мамлекеттик экотехинспекциясынын өкүлдөрү келип кетишти,-деп билдирди. Кызыгы, биз бир да жолу мыйзам бузулду деген катты же эскертүүнү  расмий ала элекпиз. Мунун баары жөн гана ушактын деңгээлиндеги сөздөр.Андыктан бир кагаз менен сотко барганга  биздин одоно бузууларыбызды тастыктай турган документтерди күтөт элем.Тилекке каршы соцтармактагы маалымат менен сотко кайрыла албайт экенбиз. ОШондуктан биз бардык органдарга биздин дыйкан чарбасы боюнча мыйзам бузуулар барбы тастыктоо катын жөнөттүк. Басып алам дегендер  бизди тажатты. 2004-жылы ошол кезедги губернатор Шайлиева менен да соттоштук. Андан кийин 2006-жылдан 2010-жылга чейин максимдин балдары менен, бандиттерден да мынчалык чиновниктердегидей проблема жаралган эмес.   

Эске салсак, мурдараак  Facebook  колдонуучусу Тоң районундагы Туздуу –Көлдөгү ижаражачылар эс алуучуларга тиешелүү шартты тузуп бербей одоно мамилени жасап жатышат деген дооматтарды жазып чыккан.  Өз кезегинде аталган райондун акими Таалайбек Ажиев Vesti.kg маселе өкмөттүн көзөмөлүндө экенин ишендирген.

-  1995-жылдан бери өкмөттүн токтомуна ылайык бул жер тилкеси 49 жылга арендага берилген деп,- белгиледи аким.Азыр биз өкмөттүн бул токтомун жокко чыгаруу боюнча иштеп жатабыз. Президент менен прмьер- министр бул боюнча кабардар жана муну аягына чыгаруу боюнча тапшырма беришкен.

Бакыт Стамов
Сүрөт  www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх