Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунда милиционерлер өздөрү үчүн имаратты өздөрү куруп жатышат

МАБдын курулушунун каржысын жергиликтүү демөөрчүлөр көтөрүшүүдө

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсүн ашар ыкмасы менен куруп жатышат. Ошол эле учурда ИИМдин кызматкерлери да курулушка көмөктөшүшүүдө. Бул маалыматты Vesti.kgге Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул максатта мурда жергиликтүү демөөрчүлөрдү тартуу менен кайрымдуулук марафонун уюштурушкан.

- Марафондон түшкөн каражатка курулушка керектүү материалдарды сатып алышты, - деп белгилешти ИИБнын басма сөз кызматынан. - Анын курулушуна курулушчулардан тышкары өздөрү жардам көрсөтүүнү чечишкен МАБдын кызматкерлери да катышты. Алар эс алуу күндөрүндө же бош убактыларында кол-кабыш кылышты. Мындай ашар ыкмасы облуста имараттарды курууда колдонулуп келген.

Ошону менен бирге Жалал-Абад облустук ИИБи белгилегендей, КР ИИМи да материалдык жардам көрсөткөн.

- ИИМ бөлгөн акча каражатына курулуш материалдарынын көп бөлүгү сатылып алынды,- деп кошумчалашты алар.

Бакыт  Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх