Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаракат алган жаныбарларды Оштогу зоопаркка жергиликтүү тургундар алып келишти. Жырткычтарды эч ким кыйнаган жок.(сүрөт)

Жапайы айбандар багылган жайдын шарттары барбы, соцтармактарга чыгарылган сүрөттөгүдөй  чын эле аларды жаман карап жатышабы деген таризде  жумушчу комиссия текшерип, чыкты

Оштун зоопаркында алар жакшы шартта багылып жатат. А башында жаракаты бар тыйын чычканды жергиликтүү тургундар алып келген. Бул туурасында Vesti.kg түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мурда  Vesti.kg  жапайы айбандар багылган жайда жырткычтар жаман шартта багылып жатат,- деп баргандардын нааразычылыгын  билдиришкен. Оштуктар “жарым  жартылай эсинен танган” тыйын чычкандар  менен коендордун денелеринде  байкалган жаракаттарды көрсөтүп  кабарлашкан.  Зоопарк болсо мындай билдирүүгө каршы. Ветеринарлар аларды дарылап, жарат алган айбандарды карап жатышканын белгилейт.   

- Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын  комиссиясы социалдык тармактарда чыккан жагдайды текшерүү максатында аталган мекемеге барып жеринен таанышып, бул жайда айбандар жетиштүү жакшы шартта жашап жатканын белгилешти.  

Басма соз кызматы зоопаркта айбандардын ар кандай 30 түрү жашаарын, аларга 3 маал тамак берилээрин кошумчалады.   

- Сүрөткө тартылып алынган бул айбандарды жергиликтүү тургундар жаман абалында алып келишкен.  Бул жердеги ветеринарлар тескерисинче аларды багып жатышат. Бир соз менен айтканда аларга болгон камкордук жетиштүү көрсөтүлүп жатат.

 

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт  www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх