Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Психикасы жабыркаган кылмышкерлерди өзгөчө кармоо керекпи?

ЖАМК на жаңы мыйзам долбоорун сунуш кылышты. Ишке ашырууга 80 миллион сом талап кылынат

Соттун чечими менен соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүчү жана психиатриялык мекемеде мажбурлап дарылануучуларды коштоону жана кайтарууга алууну КР ЖАМК сунуш кылат.

Өкмөттүн токтом долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Документте идеяны ишке ашыруу үчүн психиатриялык дарылоо мекемесинин аймагына соттолгон жана айыпталгандар үчүн атайын корпус курулушу керек. Аларды кайтарууга алган ЖАМК аскердик бөлүгү да түзүлүшү керек.  

Долбоорду ишке ашырууга 80 миллион сом кетет.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев ЖАМКнын бул демилгесин колдоду. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал мекеме рефолрмага муктаж экендигин айтты.

- Мен толугу менен макулмун, бүгүнкү күндү ЖАМК эски система менен иштеп жатат,- дейт Казакбаев. - Мекемеде капкачан эле эл аралык стандарт боюнча  реформа болуш керек эле. Биз адамдардын эркинен ажыратып, кайра тарбиялап коомго кошолу деп жатабыз, ал эми бул нерсе үчүн кескин өзгөрүүлөр керек.

Эл өкүлү 80 миллион сомду эмнеге кортушканы жаткандыктарын тыкыр иликтеп чыгуу керектигин айтты.

- Алар штатты көбөйткөнү жатышабы же кантип ишке ашырышат, ушуларды билишибиз керек, - дейт Руслан Айтбаевич. - Коррупциялашкан сотторду карап туруп, дени соо эле кылмышкерлерди оорулууу кылып алып чыгышат го деген ойдомун. Дагы бир мындай учур бар: ЖАМК начальнигинин айлыгы 15 миң, ал эми кызматкерлердики 9 миң. Бул жерде кантип таза кайтаруу тууралуу сөз болушу мүмкүн?

Укук коргоочу Камиль Рузеев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бүгүнкү күндө соттун чечими менен оорулууларды экспертизадан өткөрүү мыйзам бузуу менен ишке ашып жатат дейт.

- Бул мыйзам рарыл нерсе, - дейт ал. - Азыркы күндө медициналык жардамга муктаждарды милиция кызматкерлери алып чыгат.  Бул туура эмес. Аларды ЖАМК кызматкерлери коштоосу керек. Биз прокуратурага бир канча жолу кайрылдык, кармалгандар милиция кызматкерлеринин кыйноосуна дуушар болушат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх