Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыга 28 видеобайкоо камерасын орнотушту. Көчөлөрдүн тизмеси (сүрөт)

Бардыгы болуп «Акылдуу шаар» долбоорунда шаарга 84 камера орнотушат

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 28 видеобайкоо камерасын орнотушту. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирет.

- «Акылдуу шаар» жана Аймактарды өнүктүрүү жылы долбоорунун алкагында Балыкчыга Балыкчыга 84 камера коюлат, анын 28 орнотулду, - деп маалымдайт Балыкчынын мэриясынан.

Муниципалитеттин маалымдоосу боюнча, 5 камераны айланма жолго, 2- автобекетке, 2- Абдрахманова Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишине, 2- Абдрахманова жана Калдыбаева кесилишине, 2- Абдрахманова жана К. Токтосунов көчөлөрүнүн кесилишине, 4 - Абдрахманова жана С. Каралаев көчөлөрүнүн кесилишине, 2- Абдрахманова жана А. Карыбаев кесилишке, 2 - Абдрахманова жана Калининге жана бирөөнү Балыкчы райэлектростанциясына орнотушту.
Бардык камералар орнотулуп бүткөн соң, укук коргоочулар шаарда эмне болуп жаткандыгын байкап турушат.



«Жол эрежелерин бузбооңуздарды өтүнөбүз», - деп кайрылышат шаар администрациясы.  

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх