Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиционерлер ысып кеткен машинанын ичине камалып калган балдарды сактап калышты (видео)

Укук коргоочулар айнекти ачып, балдарды тумчугуудан аман алып калышты

Жол милициясынын кызматкерлери ата-энелери 36 градус ысыкта машинага кмап кеткен балдарды сактап калды.  Бул тууралуу фейсбук  соцтармагынан жарандык активист Александр Толмачев айтып берди.



Катуу ысып кеткен машинанын ичинде балдардын канча убакыт отургандары белгисиз. Аларды байкап калган милиция кызматкерлери терезени араң ачышып балдарга таза аба менен дем алууга жардам беришти.

- Аларды байкап тургандарына жарым саат болду, ага чейин канча отурушкандарын эч ким билбейт, - дейт активист. - Милиция кайгылуу окуянын алдын алды, балдар тумчугуп калышмак. Алар салондо тердеп, суу болуп отурушкан.
Окуя Шопоков көчөсүндө «ЦУМдун» жанында болгон. Окуянын күбөлөрү жана активист балдарга суу ичүүнү сунушташкан, бирок алар ичпей коюшту.

Толмачевдун айтымында ата-энелери кеч келишти. УОБДД кызматкерлери аларды туура эмес жерге токтогондугу үчүн айып пул салып, балдарды машинада калтырууга болбостугун, коркунучтуу экендигин айтып профилактикалык иштерди жүргүздү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх