Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек ара кызматындагылар кыргыз-тажик чегиндеги жаңжал тууралуу айтып беришти

Мекеменин маалыматы боюнча, айыптууларды жоопко тартышты

Кыргыз жана тажик чегарачыларынын ортосундагы жаңжал 2018-жылдын 20-июлунда болгон. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чегара кызматынынкоомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.                                        

Мурда социалдык тармактарда кыргыз чегарачыларынын кошуна мамлекеттин чегарачыларын кармаган видео таркаган болчу.    

«Ал күнү тажик чегарачылары КР чегара кызматынын эки аскер кызматчысын мыйзамсыз кармашты. Алар Кишемиш-Аксай транзиттик жолу менен баратышкан эле, ал жол Тажикстандын «Ворух» анклавы аркылуу өтөт.  Башкача айтканда КР МЧК Тажикстандын аймагы менен кетип баратышкан», - деп тактады пресс-кызматы.              

Кармаган учурда тажик чегарачылары өздөрүн агрессивдүү алып жүрүштү, денелерине жаракат келтиришкен деп билдирет КР МЧК.

«Белгилей кетчү нерсе, эки тараптуу келишимге ылайык кыргыз чегарачылары транзиттик жолдо куралсыз кетип баратышкан, - деп белгиледи Чегара кызматы. - Ошентип, тажик тарап мурда макулдашылган келишимди бузду».

Кыргызстандын Баткен багыты боюнча өкүлү жана Тажикстандын Согду багыты боюнча өкүлүдөрүнү ортосунда сүйлөшүүлөр ошол эле күнү болду. Кыргыз тарап Тажикстандын чегарачыларынын мыйзамсыз иш аракеттерин билдиришти.

Жыйынтыгында кармалган кыргыз чегарачыларын кайрып беришти. Тажикстандын чегара өкүлү өздөрүнүн аскер кызматкерлеринин аракеттери үчүн кечирим сурады. Кийинчерээк ал мыйзамсыз аракеттенген аскерлерди жоопкерчиликке тарттык деп билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматы Тажик Республикасындагы кесиптештерин ар кандай кырдаалдарда сүйлөшүү дасторконуна чакырып кетет», - деп белгиледи КР МЧК.

КР Мамлекеттик чегара кызматынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх