Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ит үрө берет, кербен жүрө берет" - Балыкчынын мэри соцтармакты таңдантты (сүрөт)

Шаар администрациясы мэр Алмаз Мамбетовдун аккаунтун бузуп салышкан деп ишендиришет

Кыргызстандын элин  Балыкчынын мэринин шаардыктардын дарактардын кыйылышына каршы арызына берген жообу таң калтырды.

Балыкчынын жашоочусу, активист Динара Ошурахунова Facebook  соцтармагына шаар бийлигинин дарактарды кыйып жатканжыгы тууралуу постун жарыя кылган.

"Айткылачы бай болгурлар, КСДПнын бардык мэрлери дарак кыйгычтарбы?  - деп кызыгат ал. - Балыкчынын мэри (эсиңиздерде болсо анын сөгүнгөн видеосу чыккан) Алмаз Мамбетов Балыкчыда араң өстүрүп жаткан бардык дарактарды жер бетинен жок кылууга бел байлаган.

Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы көчөнүн дарактарын мектеп окуучулары ишембиликтин эсебинен өстүрүшкөн эле.   Администрациянын алдында өсүп турган көп жылдык зор карагайларды 2 миллион коротуп атып кыйып салышты. Аларды ар кайсы жерге кайрадан отургузушту эле, солуп калды жарымынан ашыгы.

Былтыр Чолпон-Атанын жара кесип өткөн негизги көчөдөгү бүт дарактарды ал кыйып салды. Эми алар кайрадан дүмүрүнөн кайрадан козу карынга окшоп өсүп чыгып атышат (кубайга шүгүр!)".

Ошондой эле Ошурахунова шаарда жөө адамдар үчүн жол менен светофорлордун жоктугун белгилеп кетти.



Публикацияга көңүл бурулбай калды. Алмаз Мамбетов аттуу колдонуучу комментарий калтырып кеткен: "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" , - деп жазат ал.

Балыкчынын мэрине окшогон бирөөнүн мындай орой жообу тармакты колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты. Аны кызматтан алууну жана ал турсун дарыгерге көрүнүүсүн талап кылышты.



Кыскасы, андан кийин Балыкчы шаар администрациясы мэрдин аккаунтун кимдир бирөөлөр талкалаптыр деген расмий билдирүү таратты.
 
"Урматтуу фейсбук колдонуучулар, Сиздерге Балыкчы шаарынын мэринин аккаунтун үчүнчү тарап талкалагандыгын билдиребиз! - деп билдиришти мэриядан. - Бардык дарактарды кыюу тууралуу билдирүүлөр жана комментарийлер фейк экендигин билдиребиз. Сиздерди провакацияга алдырбоого чакырабыз, буга кызыкдар болгондор үчүнчү жактар!"

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх