Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштун мэриясы эмне үчүн чоргодон ылайка суу агып жаткандыгын түшүндүрдү

Шаар бийлиги түштүк борборго иче турган суу ачык дарыядан келе тургандыгын эскертти

Ош шаарынын үйлөрүндө иче турган суу акыры пайда болду. Бирок кубанууга али эрте, анткени чорголордон ылайка суу агып жаткандыгын билдиришти шаардыктар.

Белгилей кетсек, суу берүүнү кечээ Карагур айылындагы селден кийин токтоткон болчу.

Түштүк борбордун мэриясы Vesti.kg сайтына суу түтүктөрүндөгү ылайка суу бул регион үчүн кадимки эле көрүнүш деп түшүндүрдү.

- Болуп өткөн селден кийин Ак-Буура дарыясы ылайкаланып калды, ошондуктан сууну убактылуу жаап турууну чечтик. Анын ылайка экендиги - бул кадимки эле көрүнүш. Анткени Ошко сууну дарыядан алабыз, жаандан кийин ушундай боло берет, - дешти андагылар.

Ал эми түштүк борбордун администрациясы болсо кечке маал суу тазарып калат деп жооткотту.

Мэриядагылар Ош жана Баку шаарлары КМШ аймагында сууну ачык көлмө жана дарыядан алчу шаарлар экендигин баса белгилеп кетишти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх