Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаркын таланттуу телеалыпбаруучу Салтанат Саматова бул дүйнө менен кош айтышты. Ал 46 жашта эле

Салтанат Саматова узак убакыттар бою онкологиялык оору менен алышып келген

Белгилүү радио жана телеалыпбаруучу Салтанат Саматова 46 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Телеэкрандын жылдызы узак убакыттар бою онкологиялык оору менен күрөшүп келген.

Белгилүү болгондой, ал түндө көз жумду. Анын коштошуу зыйнаты 16-августта саат 10:00 КТРКнын имаратынын жанында болот.

Салтанат Саматова элдин эсинде жаркын маанайы, ачык көңүлү жана дайыма өзүнөн жылуулуктун илеби келип турган аял катары элдин эсинде калды. Ал онкологиялык жактан ооругандарды колдоо иш чараларына катышып, көп убактысын аларга бөлчү.  Анын бул аракети рак илдетин жеңүүгө боло тургандыгын элдерге ишендирүү эле.

Vesti.kg сайтынын редакциясы Салтанат Саматованын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх