Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиционерлер Бишкекте канча вебкам-студия иштеп жаткандыгын айтышты

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча ишмердүүлүктүн бул түрү Борбор калаада кеңири тараган

Бүгүнкү күндө Бишкекте 50 вебкам-студия иштейт. Бул тууралуу тегерек үстөл учурунда ИИМ өкүлү Азамат Жаналиев билдирди.

Анын айтында, борбор калаада бул ишмердүүлүктүн түрү кеңири таркалган, бирок аларды тескөө жок.

- Бизде аларды башкарып жана жазага тарта турган кодекс жок, - дейт Жаналиев. - Жашыруун жайларда кыздарды кармоого кылмыш жоопкерчилиги бар. Биз вебкам-студияларды тапканда ал жерде негизинен жашы жете элек кыздар иштешет. Биз аларды кармоого укугубуз жок. Ал эми студиянын ээси болсо башка кеп.

IT-адиси Михаил Дудин вебкам-студиялардын турган жерин аныктоо татаал, алар өздөрүнүн турган жерин компьютер аркылуу которуп турушат деп кошумчалады.

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх