Чыңгыз Айтматовдун баласы Астанадагы атасынын аты коюлган көчөнүн ачылышына катышты
Магистраль шаардын борбору менен жаңы кичиконуштарды бириктирет
Астанада Чыңгыз айтматовдун аты коюлган көчө ачылды. Бул салтанатка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазие жана Казакстандын премьери Бакыт Сагинтаев катышты.
Сыйлуу конок катары улуу жазуучунун уулу элдар Айтматов бул иш чарага чакырылды.
Көчөнүн аталышы тууралуу чечимди 2012-жылы кабыл алышкан. Аны толугу менен бүтүүнү 2020 -жылга болжоп жатышат. Магистралдын узундугу 7 км. созулат.
Мухаммедкалый Абылгазиев бул окуянын маанилүү экендигин айтып жана Айтматовдун атындагы көчөлөр бир канча шаарларда бар экендигин белгилеп кетти.
Вероника Малышева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз