Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектен эс учун жоготкон абалда табылган бала, эсине келе албай каза болду

Эксперттер анын өлүмүнүн себебин аныктаганга аракет кылышууда: белгисиз ууга уугуп калуу же эки тараптуу пневмония

Көчөдөн эс учун жоготкон абалда табылган эркек эсине келе албай каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Улуттук оорукананын башчысынын орун басары Талантбек Арстанкулов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, өлгөн киши нарындык болгон.

- Биз анан ата-энесин таптык, бирок тилекке каршы ал эки күндөн кийин каза болуп калды. Денеси команын себебин аныктоо үчүн экспертизага жиберилди, - деди ал.

Ал ортодо Vesti.kg сайтына соттук-медициналык борбордун директорунун орун басары комментарий берди. Эрнис Акунов өлгөн кишинин өлүмүнүн себеби аныктала элек деп билдирди.

- Улуттук ооруканага белгисиз ууга ууланган деген диагноз менен түшкөн. Бул диагнозду ырастап же такташ үчүн анализдер керек. Андан сырткары, анын эки жактуу пневмониясы болгон. Так жооп алуу үчүн изилдөөнүн жыйынтыгын күтө туруу керек, - деп маалымдады Акунов.

Медициналык мекеменин башчысынын орун басары жигит бар болгону 18 жашка толгон деп кошумчалады.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайтына Бишкектен эс учун жоготкон абалда бала табылгандыгын кабарлаган эле. Анын жанында документи, уюлдук телефону болгон эмес.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх