Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соттук-медициналык экспертиза Улан Эгизбаевдин өлүмүнүн себебин аныкташты

Адистердин ою боюнча, каза болгон журналисттин бутундагы шектүү тактар ал өлгөн соң пайда болгон

Улан Эгизбаедин өлүмү фактысы тууралуу экспертиза бүттү. Сотмедэксперттер аны чөгүп өлдү дешти. Бул тууралуу  Facebook соцтармагынан анын жакын досу Каниет Жыргалбеков билдирди.

Анын маалыматында адистер белгилүү журналисттин ашказанынан уулануучу заттарди тапкан эмес.

«Корутундуда бутундагы шектүү тактар ал өлгөн соң пайда болгон дешкен, бирок ал эмне себептен пайда болгондугу дагы эле белгисиз. Узакка изилдешип адистер ашказанынан да эч нерсе тапкан эмес. жыйынтыгында анын өлүмүн кокустук менен байланыштырышты», - деп жазат Жыргалбеков.  

Эске сала кетсек, жуналист Улан Эгизбаев 22-июль күнү Ысык-Көлдөгү пляждардын биринде чөгүп кеткен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх