Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак илбирс III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун тумары болуп калды (сүрөт)

Көркөм сүрөттүн автору сүрөтчү-постановщик, режиссёр-аниматор Төлгөбек Койчуманов болуп калды

Ак илбирсти алдыда боло турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун тумары деп кабыл алышты. Бул Тууралуу ДКОнун катчылыгы билдирди.

«Ак илбирс байыртадан кыргыздарда ыйык жаныбар деп эсептелет жана жоокерлердин коргоочусу катары көрүшкөн. Илбирстин элеси уламыш жана жомоктордо сулуулукту, күчтүүлүктү жана эркиндикти билдирет.

Кыргыздардын көчмөн маданияты жандуу жана жансыз жаратылыш менен болгон мамилеси менен мүнөздөлөт. Ак илбирстин элеси бир эле кыргыздардын тарыхын билдирбестен, ага арналган киночыгармалар жана адабияттар бар, - деп белгиледи катчылыктагылар». Белгилей кетсек, ак илбирс Кызыл китепке кирген.

III ДКО тумарынын көркөм сүрөтүнүн автору Төлгөбек Койчуманов. Ал өз кезегинде бул идея жок болуп бара жаткан ак илбирсти коргоо менен байланыштуу дейт.

«Биз ак илбирсти позитивдүү, меймандос мультфильм каарманы сыяктуу кылып бердик. Ал тынчтык жана бейкутчулук алып келет. Бул элести түшүрүүдө биз эл аралык спорттук иш чаралардын мисалынан алыс болдук», - деп түшүндүрдү сүрөтчү.

Андан сырткары, меймандостуктун жана урматтоонун белгиси катары келген меймандарга атайын таберик белек катары ак илбирстин элесин беребиз.

ДКО катчылыгы
Сүрөт ДКО

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх