Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тартип сакчылары мыйзамсыз куралды издөө максатында 17 миң үйдү тинтип чыгышты

Рейддин жүрүшүндө базарларды жана мейманканаларды тинтишти

Чүй облусунда жагдайды жөнгө салуу максатында, ошондой эле мыйзамсыз курал, ок , дары сактоонун алдын алууга, табууга жана кылмыштын бетин ачуу багытындагы «Арсенал» алдын алуу иш-чаралары көрүлдү.             

Рейд убактысында Чүй облусунун лицензиялык-уруксат системасынын кызматкерлеринин катарынан 150 органдын кызматкерлери аракетте болду. Андан сырткары, Чүй облусу боюнча УОБДД өздүк курамы катышты.

Өткөрүлгөн иш чаранын алкагында 940 мергенчиликти сүйүүчүлөр текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө мергенчиликкке колдончу мылтыктарды сактоо жана каттоонун эрежесин бузгандардан үчөө табылды.

Андан сырткары 7,5 транспорт каражаттары, 4 базар, 26 мейманкана жана 17 миңден ашуун үйлөр текшерилди.
Милиционерлер курал сактоого уруксат берилген обьектилерди жана жеке кароолдук кылуучу агентстволорду текшеришти.

Жарандар өз эрки менен 4 ок атуучу куралды тапшырышты.

Чүй облусунун ИИМБнын маалымат кызматы
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх