Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй областынын ИИМБ мурунку начальнигин союп коё жаздаган аялын ИВС киргизишти

Бул факт боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду

Чүй облустук ИИМБ мурдагы начальниги Нурлан Сарчаевдин аялы ага бычак менен кол салган. Кечкурун ал облустук ооруканага жеткирилген.

Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ пресс-кызматы билдиргендей, кол салуу үйдөгү жаңжалдан чыккан.

- Жамбашка 2 жолу бычак сайылган. 1983-жылы туулган М.Б. атту жаран кармалып, ИВС киргизилди, - деп билдиришти милициядан.

Бул факт боюнча КР КЖК 234-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ал ортодо Саламаттык сактоо Министрлигинин пресс-борборунан Vesti.kg сайтына жабырлануучунун абалы тууралуу маалыматты бере албастыгын билдиришти.

Чүй облусунун ИИМБ мурдагы начальниги Нурлан Сарчаев кызматынан Жайыл РИИБ 19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнөн кийин кызматынан бошотулган болчу. Андан сырткары «шалакылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www  

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх