Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл районунда 2 миң киши ишембиликке чыгышты

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталаардын алдында баарын иретке салып коюуну чечишти

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында Ысык-Көл районунун аймагын тазалоо боюнча ишембиликке 2 миң адам чыкты. Бул тууралуу ДКОнын катчылыгы билдирет.
Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев бул экологиялык акцияга катышуучулардын арасында республика боюнча кайдыгер эмес бардык жарандар бар деп айтты.

«Бул экологиялык акцияга ар бир айылдын катышып жаткандыгы кубанаарлык нерсе, - деп белгилей кетти Иманалиев. - Пансионаттардын жумушчулары, жол боюндагы үйлөрдүн жашоочулары тийшелүү аймактарды бүт тазалашты. Мындай экологиялык акциялардын мааниси зор, мындан жарандар табиятка аяр мамиле кылууга таалим тарбия алышат».

 Райондун аймагын тазалоо иш чарасы Балыкчы шаарынан башталып Семеновка айылына чейин, андан ары Кырчын капчыгайына чейин болот. Ысык-Көл районунун аймагындагы 100 км. жерди кучагына алганы турат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх