Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көчмөндөр оюнунун ачылышына билетти колдон алса болобу?

ДКОнын Катчылыгы бардык билеттер персоналдуу экендигин белгилеп кетишти

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун башталышына бир жумадан аз убакыт калды, ал эми бул маарекеге деген билеттер калбай калды. Ушул себептүү, жолдомо ала албаган кыргызстандыктар соцтармактардан өткөрмө кагаз издей башташты.

Жарандар мааракенин ачылышына кирүүчү билетти айткан бааларына алууга даяр экендиктерин жазышат. Vesti.kg сайты колдон билет алса болобу деген суроого жооп алуу максатында ДКО катчылыгына кайрылды.

Мекеменин маалымат кызматынын кызматкери Айжан Абдесова сатылган ар бир билет персоналдуу экендигин, аны колдон алган менен акчалары бекер эле кетээрин айтты.

- Мааракенин ачылышына билет чындап эле калган жок, - дейт ал. - Билеттер персоналдуу жана анын дарегин өзгөртүүгө болбойт. Башкача айтканда колдон алган билет менен мааракеге кире албайт.

Эске сала кетели, Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанаты 2018-жылдын 2-сентябрында башталат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх