Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Эльвира Сурабалдиева гимнди туура эмес ырдаган кесиптеши тууралуу өз оюн айтты

Эл өкүлү чыныгы жашоодо ар ким эле «патриот» боло албастыгын эске салды

ЖК депутаты Пархат Тулендыбаев акыркы эки күндө интернет колдонуучулардын талкуу чордонунда болду. Соцтармактын колдонуучулары депутатты Кыргыз Республикасынын гимнин билбегендиги үчүн сындашты.

Сынчылардын толкунунан кийин эл өкүлү жалпы кыргыз элинен кечирим сурап, камеранын алдында гимнди ырдап берди.

Ал арада бул болгон окуяга карата Тулендыбаевдин кесиптеши Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter баракчасында оюн жазып чыкты. Ар бир эле адам минтип кечирим сурап чыга алмак эмес. Мындай окуядан соң өзүн жоготуп коймок.

«П. Тулендыбаев жакшы адам, динге ишенет, меценат. биздин ар бирибиз эле эл алдында кечирим сурап, гимнди кайра ырдай алмак эмеспиз. Ал эми патриоттого келсек, чыныгы жашоодо көрүп эле жатам андайларды күн сайын», - деп жазат Сурабалдиева.   

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх