Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиева: ММБФ төрагасы мен кимди айтып жаткандыгымды эң сонун түшүндү

Депутат мамлекеттик обьектилерди эс алуу ишканаларына ижарага берүүдөн толук баш тартуу керектигин айтып чыкты

Мамлекеттик аянттын бир да сантиметрин эс алуу ишканаларына ижарага бербөө керек. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына билдирди.

- Көптөгөн ишканалар коммерциялык имараттарды ижарага алышат, - дейт депутат. - Социалдык обьектилерди жайгаштыруу көйгөйү бар - мамлекеттик ооруканалардын филиалдары ачылбайт, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курстар, кесиптик багыт берүүчү курстар. Ал эми мамлекеттик аянттарды кафе, ресторандар ээлеп жатат.

Комитеттин фискалдык жана экономикалык саясат боюнча жыйынында Сурабалдиева  мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиевди 2 миң 566 мамлекеттик менчик 107 миң чарчы метр жери менен ижарага берилерине көңүл бурууга чакырды. Алар негизинен кафе, бар, ресторандар.

«Бул сандар тууралуу ойлонгула. Мындан башка да ишкерлер бар экендигин ойлогула, алар мамлекеттик органдар, бир чарчы метрге зар болуп отурушат. Силер мунун артында ким тураарын эң сонун билесиңер», - деди ал. 

Кыскасы, бул жакка банкоматтар да кирет, бирок депутат алардын абдан маанилүү экендигин  кайра эстеди.

- Менин оюмча, ММБФ төрагасы мен кимди айтып жаткандыгымды эң сонун билди окшойт, - деди ал  Vesti.kg сайтына. - Ал жерде кээ бир кишилер бар, өздөрүнүн адамдарына ижарага аянттарды берип отурушкан. Борбор калаада ижара баасы өтө жогору. Бишкекте ар бир чарчы сантиметр жер алтынга тете. Ошондуктан ишкерлерге байланышы жок болсо ижарага аянт алуу кыйындыкка турат.

Сурабалдиеванын сөзүнө караганда, ал азыр ММБФдан бул маселе боюнча расмий маалымат күтүп жатат. 

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх