Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу мигранттардын жашоосун жеңилдетет»

Алдын ала эсеп боюнча камсыздандыруу баасы 300 сом

Кыргызстандыктарды милдетүү түрдө медициналык камсыздандырууну киргизүү чет жактагы мигранттарыбыздын жашоосун жеңилдетет жана алардын бюджетиндеги акчаларын үнөмдөйт. Мындай пикирин «Замандаш» саясий партиясынын  төрагасы Жеңиш Молдокматов Vesti.kg сайтына билдирди.

- Биздин партия бул демилге менен өкмөткң кайрылганбыз, - деп белгиледи ал. - Учурда биздин 800 миң мекендешибиз эмгектенип жатат, алардын 90% Орусия мамлекетинде. Иш жүзүндө бардык мамлекеттердеги мигранттарыбызга камсыздандыруу керек. Ошондуктан биз миграция боюнча Мамлекеттик кызматка  бул маселени, жаран мамлекеттен чыгып кете электе чечүү керектигин айтканбыз.  Милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу бир учурда эле бир нече маселени чечмек: «груз-200» алып келүү, азыр ушуга эле жыл сайын 3 - 7 миллионго чейин сом короп жатат.
Молдокматов кантип чегарадан чыккан адамдардын баарын камсыздандырууга милдеттендирүүнү айтты.

- Бул идеяны билеттин баасына кошуп койсо болот, - дейт ал. - Бардык биздин жарандарыбыз Кыргызстанга келет баары бир. Орусиядагы кыргызстандыктар өздөрүнүн ден соолугу үчүн камсыздандырылышат. Бирок аны алуу үчүн толгон-токой тактама чогултуу керек. Биз муну өз колубузга алуубуз керек.

Бул идеяны парламенттин илим, билим жана маданият социалдык маселелери боюнча комитеттин мүчөсү Аида Исмаилова колдоду.

- Эгер сен Кыргызстандан чыга турган болсоң, анда форс-мажордук кырдаалдарда жардамсыз каласың, - дейт ал Vesti.kg сайты менен маек кылган учурунда. Мен бул жакшы кадам экендигинде шегим жок. Мындай практика башка мамлекеттердин баарында колдонот.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын жардамчысы Самат Токтоболотов  маалымат жыйынында Кыргызстанда милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу киргизилгени жаткандыгын билдирди.
Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөрдө камсыздандыруунун баасы 300 сом болгон.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх