Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Астанадагы кыргыз профессор: Астанада өзүбүздү чет өлкөдө жүргөндөй сезбейбиз (фото)

Профессор Кыргызстан менен Казакстандагы билим берүү системасындагы айырмачылыктар тууралуу айтып берди

Астанадагы Назарбаев Университетинде 5 жылга жакын убакыттан бери эмгектенген кыргызстандык профессор Дүйшөн Шаматов Vesti.kg маалымат агенттигинин кабарчысына Кыргызстан менен Казакстандагы билим берүү системасындагы айырмачылыктар жана келечекке пландары тууралуу айтып берди

Дүйшөн мырза, жай айларында өзүңүз туулуп өскөн Отуз Адыр айылындагы мектеп мугалимдерине жана Карасу, Ош, Бишкек шаарларында билим берүү жана окутуу усулдары боюнча семинарларды өткөрдүңүз. Мындай иш чараларды уюштуруу максаты эмне?

 
Астанада жашап Кыргызстандагы досторду, туугандарды сагынам. Ата энеңден калган үйдү көргүң келет. Жылына эки жолу Кыргызстанга, өлкөбүздүн кооз жерлеринде эс алууга барып турам. Барганда мугалимдер Дүйшөн агай семинар өтүп бериңиз деп чакырышат. Эс алууда жүрсөм дагы, кесиптеш мугалимдерди колдоп семинар уюштуруп келем. Мындай жолугушуулардын максаты билим берүүнүн жаңы өзгөрүүлөрү жөнүндө пикир алышып, окутуу усулдары боюнча тажрыйба алмашуу.
 
Семинарлар көбүнчө шаар же район борборлорунда өтөт эмеспи. Сиз эмне үчүн айылда өткөрүүнү чечтиңиз?
 
Семинарды туулган айылым Кара Суу районунун Отуз Адырында өткөрүп, ага кошуна айылдардан мугалимдер да келди. Менин баарынан ыраазы болгонум, өздөрү эс алууда жүргөнүнө жана күндүн ысык аптабына карабастан мугалимдер мажбурлоосуз, өз ыктыяры менен келип катышканы. Бир нерсе үйрөнөм деген адамдарды көргөндө чарчаганыңды сезбейсиң. Башка жакта семинар өтсөң, бул бизге керекпи, "кофе брейк" барбы, ким каржылайт деп сурагандар кездешет. Ал эми айылда жеке чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөп келген мугалимдерди көргөндө ичиң жылыйт. Ошондой эле быйылкы семинарларды "Аймактарты өнүктүрүү жылына" арнадым. Анткени региондорго көбүнесе көңүл бурулбай калат.
 
Кыргызстандагы мугалимдердин кесиптик деңгээлин өнүктүрүү системасы Казакстандан эмнеси менен айырмаланат?
 
Казакстандан айырмасы Кыргызстанда Советтер союзунан калган система дагы эле иштеп жатат. Ар беш жылда мугалим кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн курстарга катышат. Эл аралык уюмдар да семинарларды уюштуруп турат. Бирок бирдиктүү система жок. Айыл мугалимдерин борбор шаарга алып келип, аларга бир теманы таңуулабай, аларды кызыктырган темадагы семинарларды ошол мугалимдер иштеген мектептерде өткөрүү таасирдүү болот деп ойлойм.
 
Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде да семинар өткөрдүңүз, ошол жөнүндө да айта кетсеңиз.
 
Өзүм ошол окуу жайдын чет тилдер факультетин аяктап, ошол эле жерде англис тили мугалими болуп иштедим. Эмгек тарыхым ошол жерден башталды десем болот. Ошко барган сайын мугалимдерим, кесиптештерим менен жолукканга аракет кылам. Колдон келишинче жардамымды да аябайм. Быйыл Ошто дагы семинар өтүп бериңиз деген агай эжекелерди чогултуп, менин мурунку студенттерим менен бирге Чет тилдер факультетинде семинар уюштурдук. Семинарга Оштун 3 жогорку окуу жайынан, Ош, Карасу жана Өзгөн шаарларынан мектеп мугалимдери да келип катышты.
 
Чет өлкөгө кандай барып окуп калдыңыз?
 
Советтер союзу кыйраганда чет өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Англис тилди билгеним чет жакка окууга тапшырууга чоң жардам берди. Алгач Пакистанда эки жыл магистратура окудум. Андан соң 2000-жылы Канадага докторантурага (PhD) тапшырып, аны 2005-жылы ийгиликтүү аяктадым. Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Пакистанда, Йеменде билим берүү тармагында иштедим. 2007-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келип, Бишкектеги Борбордук Азия университетинде ага илимий кызматкер болуп эмгектендим.


 
Назарбаев университетинде кантип иштеп калдыңыз?
 
2013-жылы Астанадагы Назарбаев университетине документ тапшырып өтүп кеттим. Бул жерде иштегениме 5 жылга чукулдап калды. Биздин факультетте билим беруу тармагында башкаруучу адистерди жана лидерлерди даярдайбыз.
 
Аталган окуу жай эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
 
Казакстан бул окуу жайга көптөгөн каржы жумшайт. Чет элдик адистерди чакырып, өлкөгө керектүү кесиптерди мыкты өздөштүргөн жаштарды окутуп жатат. Университетте иштеген профессорлордун 85 пайызы мыкты окуу жайларды аяктаган чет элдик илимпоздор. Кыргызстандан жалгызмын. Казакстан, Тажикстан жана Россиядан да мугалимдер бар. Окуу жайда чет өлкөлүк студенттердин саны аз. Бирок учурда 20 пайызга чейин студенттерди чет өлкөдөн алуу аракети бар. Кыргызстандан үч студент билим алып жатат. Назарбаев университетинде Кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүүгө аракет кылып жатам. Окуу жайдан делегация быйыл Кыргызстанга атайын барып университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жана жол жоболорун таанытып келди. Чынында көп Кыргызстандыктар кошуна Казакстанда жакшы окуу жайы бар экенин билбейт. Андайлар Астанага конференция же башка иш менен келип, Назарбаев университетин көргөндө түшүнүгү таптакыр өзгөрөт.
 
Назарбаев университетине тапшыруунун кандай жолу бар?
 
Кыргызстанда туруп интернер аркылуу документтерди тапшырса болот. Сыноодон өтүп тандалып алынсаңыз интернет (Skype) аркылуу интервью уюштурууга болот. 90 пайыз студенттер гранттык негизде, башкача айтканда мамлекеттин эсебинен билим алышат.  Ал эми чет өлкөдөн күчтүү студенттер болсо университет өзү каржылап берет.
 
Келечегиңизге жол ачкан англис тилин үйрөнүүгө кандай шык берет элеңиз?
 
Кыргызстандын атуулу катары кыргыз тилин билип, аны өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Ошол эле учурда жаштарды чет тилдерди үйрөнүүгө чакырам. Англис тилин үйрөнүү замандын талабы. Ал илим, билим жана технологиялык өнүгүүнүн тилине айланды. Миллиондогон ресурстар англис тилинде. Эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык англис тилин билген адис, аны билбеген адиске караганда орто эсеп менен 20-30 пайызга көбүрөөк маяна алат. Тил үйрөнүүдө шылдың болом деп коркпостон сүйлөй берүү зарыл. Анткени тилди сенден жакшыраак билген адамдын жанында англисче сүйлөгөндөн тартынмай адатыбыз бар. Мисалы мен Чет тилдер факультетинде акыркы курста окуп жатканда өмүрүмдө алгачкы жолу АКШдан келген ыктыярчы менен англисче сүйлөшүп алып сүйүнгөнүм эсимде.
 
Мугалим, сиз үчүн ким?
 
Мугалим мен үчүн билген билимин башкалардын пайдасы үчүн бөлүшкөн, берешен адам.
 
Астана дүйнөнүн экинчи эң суук борбор калаасы эмеспи. Бул жактын суугуна кантип көндүңүз?
 
Астана абдан кооз шаар. Суугуна да көндүк. Биринчи келген жылы жука кийимдер менен келип алган экенбиз. Бишкекте кышында кийген пальто бул жерде чапандай эле жука болуп калды. Калың кийимдерди алганга туура келген. Алматы же Бишкеке караганда бул жерде дарактар аз. Мага жакканы Астанада өзүбүздү чет өлкөдө жүргөндөй сезбейбиз. Казактарга өңүбүз, тилибиз, маданиятыбыз баары окшош эмеспи.
 
Келечекке пландарыңыз кандай?
 
Бул жерде убактылуу жүрөбүз. Эртеби кечпи Кыргызстанга кайтабыз. Назарбаев университетинде иштеген достор, кесиптештер менен байланышты үзбөй кызматташууну улантам. Максатым Кыргызстанда билим берүү тармагында реформаларды жүргүзүү боюнча изилдөө борборун ачуу. Билим берүүнү өнүктүрүү менен өлкөбүздү өнүктүрсөк болот деп ишенем.

 

Бул публикация «Мигранттарды маалыматтык, укуктук жана алардын укуктарын коргоодо комплекстүү өнүгүү» долбоорунун алкагында  АА «Карылардын ресурстук борборунан» чыгарылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх